www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Садыр Жапаровдун бийликти басып алууга аракет кылды деген видео социалдык түйүндөрдө тарап, түрдүү пикирилерди жарата баштады. Биз ал видео тарагандан кийин Садыр мырза Кыргызстанга келем деген оюнан артка кайтыбы же келе берерин билүү  максатта баарлаштык.

  Садыр мырза, интернеттеги видеону шылтоо кылып,  Кыргызстанга келгениңизде бийликти басып алууга аракет кылган деген шылтоо менен камакка алууга аракет кылбайбы?

— Бул бийликтен баарын күтсө болот. Акыркы жылдары көздөрүн май басып кеткенин өздөрү далилдеди. Камайбыз десе анысына да даярмын. Камайт экен деп коркуп калбайм.

Сизди бийлик басып алууга аракет кылды деген видео жашыруун камера менен тартылды беле же тартып жатканын билдиниз беле?

-Эч кимге жашыруун эмес. 70-80 дей балдар катышкан кадимки эле жолугушуу болчу. Мындай жолугушуулардын баарын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларыма жарыя кылап эле келе жатам го. Ал жерде бир эле эмес, бир нече бала соткаларына тартып жатышкан. Кимисин тартпа деп тыясың. Эң негизгиси акылы бар адам өзү талдап алат болуш керек. Ошончо адам олтурган жерде бийликти басып алалы деген сөз айтылмак беле. Сизди да Текебаев окшотуп аэропорттон алып кетпейби. Эртелеп барып тосуп туралы дешкен эле сөздөр сүйлөнгөн. Ал сөздөр видеодо деле бар. Алардын баарын кескилеп, өздөрүнө ылайыктап, эл ишенгидей кылып чыгарып жатышат да.

 Бүгүн бийликтегилер атаандашыбыз деген саясатчыларды аёосуз жазалап, башкача айтканда камакка алууну адат кылып алды. Сизда алардын  бири болуп калбайсызбы?

-Дагы бир жолу кайталайымын. Мен баарына даярмын. Мен башкалар окшоп баш ийип, мойнума курумду салып алдына келчүлөрдөн эмесмин. Аягына чейин элдин, мамлекеттин байлыгын уурдабагыла, ордуна койгула. Коррупцияны токтоткула, чачылган элди жыйнагыла деп айта берем. Анткени, чындык мен тарапта. Мен кылмышкер эмесмин.

 «Ата Мекенчидердин» тагдырын президенттикке аттанам деген саясатчылардын баары кабылышы мүмкүн деген кеп бар. Бийликтин ыдыгын көрүп, саясый куугунтукка кабылып калбайсызбы?

-Албетте, бийлик бут тосот. Азыртан эле баштабадыбы. Эң кызыгы мени өз өлкөмө өткөрбөгүлө деп чек арачыларга буйрук беришти го. Калганын Кудай эмне деп турат көрөбүз.

— «Кумтөрдү» эл аралык сотко берем деген аракетиңиз ишке ашчудайбы?

 Кудай буюрса ашат. Элге Кудай күч кубат берип, кол топтоо боюнча жардам беришсе, сөзсүз ишке ашат. Бул сотко берүү процесси Кыргызстаныбызга коррупциялык жактан гана келтирген чыгымы. Ал эми жаратылышыбызга келтирилген чыгымдардын суммасы асманды чапчыйт. Аны кийинки жолу беребиз. Биринчи муну бүтүрүп алалы.

 25-мартта кыргызстанга келесизби же ойлоносузбу?

-Кудай буюрса, барам. Ойлонот экен, келбей коёт экен деп ойлобогула. Ар кайсыны ойлоп, артка кайтпайм. Башкача айтканда барам деген оюмдан кайтпайм.

 

 

Чынайым Кутманалиева,  factor.kg

 

Последние новости