www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бурак менен Фахрие түрк кино тасмаларында керемет образдарды жаратып, миллиондогон көрүүчүлөрдүн ыраазычылыгын алган түгөйлөр. Бул түгөйлөрдүн сүйүү романдары кандай башталган, жашоо образдары кандай мына ушул суроолордун баардыгына төмөндөгү макаладан жооп таба аласыздар!

- “Сүйүү”- деген термин сиздер үчүн...?

Бурак- Сүйүү темасында жалпылап айтылган фразаларды айтуудан алысмын. Себеби, Сүйүү- бул абдан терең сезим. Сиз сүйсөңүз анда, сиздин табигатыңыз, сиздин чыныгы “Мен” деген нерсе ичиңизден чыгат. Мен ишенем, сүйүү- бул башка бир дүйнөдөн келген сезим. 

Фахрие- Мен дагы Бурак айтып өткөн нерселерге кошулам. Сүйүү- эргүү, кубаныч тартуулаган бийик сезим. Ал бардык жакшы нерселердин башталышы. Эч нерсеге бизге сүйүү тартуулаган адамга болгон сезимибизди алмаштыра албайбыз. Жашоодогу көп нерселер бизге бакыт таруулайт, бирок сүйүү мамиле бизге тынчтык, жакшы маанай, мээримдүүлүк тартуулайт.

- Эң алгачкы жолугушууңуздар жөнүндө айтып берсеңиздер?

Бурак- Биз алгачкы жолу “Королек- птичка певчая” аттуу сериалдын тартуу талаасында жолугушканбыз. Биз бул долбоордо кесиптеш болуп башкы ролдогу Фериде менен Кямрананын образдарын жаратканбыз. Башында биздин ортобузда чоң аралык бар болчу. Бул нерсе эстен кеткис энергетика! Биздин мамиле сериалды тартуу иштеринде өнүккөн.

- Экөөңүздөр бирге эмне кылууну жактырасыздар?

Бурак- Мага Фахрие менен үйдө жана кинотеатрда кино көргөн жагат.

Фахрие- Мен Бурак менен тынч жайда көбүрөөк сейилдөөнү жактырам.

- Сиздерде ошондой жерлер барбы?

Бурак- Стамбулда түнкү сааттар абдан кооз. Биз Босфордун чекесинде сейилдегенди жактырабыз. Ал жер абдан кооз жана тынч жай.

- Сиздердин мамиледе эмне маанилүү болуш керек?

Фахрие- Эң биринчиден, ортодогу ишеним. Мен үчүн эң маанилүүсү мени менен бирге болгон адамды абдан сыйлоо.

Бурак- Ишеним- эң маанилүү. Сүйүшкөндөр бири-бирине толук ишенүүсү керек. Андай болбосо мамиле узакка созулбайт. Эгер сен бир нерсени айткың келсе, аны жашырбай ачык айтуу керек. Туура жолду тандаган соң, ошол жол менен туура багыт алуу зарыл. 

- Азыр бирге киного тартылуу сиздерге жеңил болуп калса керек?

Бурак- Мындай деп айтсак деле туура болот. Бирок, баштагы жаңы таанышкан күндөгүдөй сезимдер, толкундоолор кайталанбайт. Көнүп калгандай эле роль жарата беребиз.

- Жашоо образыңыздар кандай?

Бурак- Биз абдан позитивдүү маанайда жүргөндү жактырабыз. Дени-сак жашоону сүйөбүз. Фахрие- эң керемет жан. Экөөбүздүн мүнөзүбүз бири-бирибизге абдан дал келет. Бул үчүн мен абдан кубанчтамын!

Фахрие- Бурак- абдан ак көңүл, ар дайым жакшы маанайда жүргөн, менин идеалымдагы мырза. Биз экөөбүз каалагандай жашайбыз. Максаттарыбыз, чыгармачылык пландарыбыз бир. Анын баардыгына бирге жетебиз деген ойдомун.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости