www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт деген чын эй. Мамлекет болуп калыптанганы илибой тармагыбызда орун алмаштыруу менен эле келе жатабыз. Эч нерсе өзгөргөн жок. Бир мисалын тартайын, эгемендүүлүк алган жылдардан бери спорт тармагыбызга жеткиликтүү көңүл бура албай келгенибиз жашыруун эмес.

Бул тармакта эмне иш-аракеттер болуп жатканы, аны ким жетектеп жатканы, алдыдагы максаттары тууралуу таптакыр эле маалыматыбыз жок. Так ушул тармакты тескеген КР Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт

боюнча мамлекеттик агенттикти учурда Канат Аманкулов деген жигит жетектейт. Эмне иштерди кылып жатканын деле билбейбиз, бир билгенибиз, эл аралык аренага таанылган машыктыруучуларыбызды алмаштырып, ордуна эч ким тааныбаган бирөөлөрдү коюп жатканынан кабарыбыз бар. Өмүрүн берип, терин төгүп машыгып, ийгиликке жетсем деген спортчуларыбызга бул алмаштыруулар тескери гана таасирин тийгизип жатпаса, оң таасири байкала элек. «Алкым майламай» амалы орун алмаш­тыруу менен ишке ашып жаткан жокпу, Аманкулов мырза?

Булак: Мантыш

Последние новости