www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр адамдарда аң-сезим да өзгөргөн деп калабыз. Бирок ошол аң-сезим башка жагына, оң жагына өзгөрсө жакшы го. Бирок амбицияга толуп, анан акчаң болсо баарын чечесиң деген алабармандык жакка эмес. Маселен, Бакыт Төрөбаев деген жигит ушу тапта ажо болуунун амалын издеп, атургай өзүн эмитен эле журт башы сезип алды.

Ырас, жакшы тилеги бар экен дейли. Бирок эл башы болуш үчүн кичине элге жасаган эмгеги болушу керек да. Төрөбаев эмне иш жасай алды? Бизнесин гүлдөтүү менен гана алектенбесе, жеке капчыгы үчүн жанын сабаганы болбосо, кимдин астына аш салып бериптир. Тескерисинче айрым ишкерлердин бизнесин чоң акчанын күчү менен тартып алганы жалганбы? Маселен, ун биз­несин алалы. Мамлекетибиз айыл чарбага ыктаган өлкө болсо да өзүн камсыздай алган буудайды өндүрө албай атканы так ушул Төребаевдин кедергиси экени айтылып эле келе жатпайбы.

Анткени Төрөбаев бул жаатты монополиялаштырып алып, өлкөнүн өндүргөн буудайын ун кылууга жарабайт деген шылтоо менен сыртка түртүп сала, чет элдин буудайларын, унун ташып келип, андан оңбогондой каражат таап жатканы жалганбы? Анан да чарбачыл адам боло, эл көзүнө  МТС дегендерди ачымыш болуп, техникаларды элге бе­кер берип жаткансып автор боло калганы кайсы абийирге жатат? Кубулма масканын арты кууш болот, Бакыт мырза. Эл башы боло турган адам өз элин тымызын тонобойт. Тескерисинче багат. Акчам бар деп эле ажо болом дей берүү - акылдуу кишинин кылаары эмес. Анан да эл азыр кимдин ким экенин  жакшы билет.

Булак: Мантыш

Последние новости