www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тили жок улут болбойт жана тилин жоготкон эл эл эмес деген аксиома бар. Айтылуу авар акыны Расул Гамзатов да «Эгер тилим эртең жок болоорун билсем, анда бүгүн өлгөнүм артык» деп как маңдайга матай койгон эмеспи. Бирок бизде тилди уруп-ойнобогон министрлер олтурат. Айталы, юстиция министри болуп келген Уран Ахметов кыргыздын душманыбы?
Дегенибиз, министрликтеги бардык иш кагаздарды орусча талап кылып, кыргызча келген каттарды карабай жатканы кандай? Тескерисинче бардык иш кагаздарды кыргызчалай албай атсак, бул эргул тескери ушатый, теңирин тааныбай атканына эмне десек болот? Кыргыз жеринде туруп, Кыргызстандын министрлигин жетектеп атып «маңкуртчулук» дартына чалдыгуусуна эмне себеп болууда? Уран мырза «менин максатым мындай» дей турган болсо, гезит бетинен орун бергенге даярбыз...
Булак: “Мантыш”