www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анын жашоосу - чынында чек деген нерсен жок экенин айтып турат. Бүгүн биз Анинин чыгармачылыгы эмес, жеке жашоосу тууралуу кеп кылабыз. Сүйүктүү жолдошу Муратты Украинадан эмес, Турциядан кезиктирген. Ал өзүнүн мекенинде эле эмес, жалпы Орто Азияга жана Орусияда дагы таанымал.
- Ани, Мурат менен 10 жылдан бери биргесиз. Тилекке каршы бекем союздар шоу-бизнестер чанда кездешет эмеспи. Эмнеге бактылуу никелер эки ажырым жолго түшүп кетишет?
- Түгөйлөрдүн ажырашууларын угуу мен үчүн эң кайгылуу нерсе. Мен эмнеге мындай болоорун так билбейм. Бирок ишенимдүү айтсам, биз канча берсек, ошончо ала алабыз дегим келет. Сүйүү ар дайым көңүлдү талап кылат. Кайсы бир учурда адамдар бири-бирине көңүл буруудан тажап калышат. Ошол маалда ортодогу бекем союзга жарака тиет деп билем.
- Үй-бүлө очогун кантип бекем сактап келесиз?
- Аял ар дайым өзгөчө болуу керек. Мен үйдө да макияж, чач жасалга менен жакшынакай көйнөк кийип жүрөм. Күйөөмдүн алдында жагымсыз аял болгум келбейт. Аны ар дайым кубантып, сүйүү тартуулап турам. Эркек-аялдын Кудайы. Бизден сүйүүнүн энергиясы, тынчтык, жылуулук, назиктик жанып турат. Эгер сүйүктүүң менен түбөлүккө бирге болгуң келсе, анда ар дайым аракет кылуу керек. Эркектер- аял белек болгонун жактырашат. Мына ошондо гана эркек аялга баалуу нерсе катары мамиле жасайт.
- Жолдошуңуз сизге кандай кам көрөбү?
- Мурат мага көп сюрприздерди жасайт. Мен гастролдо жүргөнүмдө кутүүсүздөр букет гүлү, белектери менен менин эшигимди такылдатканды жактырат. Биз мүмкүнчүлүктүн болушунча бирге болууга аракет кылабыз. Өткөндө Нью-Йоркто бир күн кечке паркта жүрдүк. Экөөбүз бири-бирибизди жаңы таанышкан жаштардай алып жүрдүк.
- Сиз көп гастролдойсуз. Бул нерсе ортодогу мамилеге плюспу же минуспу?
- Мен гастролго кеткенимде, Мурат үйдө калат. Ар бир күнү байланышта болобуз: чалышабыз, жазышабыз. Бизде бири-бирибизге “Түнүн бейпил болсун! Кутман таңың менен!” деген сөздөрдү айткандай тажабайбыз. Ооба, менин жумушум ар дайымкы ажырашууга кептелет, бирок биз бул нерсеге даярбыз. Мен бактылуумун биздин үйүбүздүн оту өчпөй жатканына.
- Филипп Киркоров сиздин кызыңыз Софиянын өкүл атасы эмеспи. Алар жолугушуп турушабы?
- Кызым өзгөчө өкүл атага жеткенин эми түшүнүп олтурат. София апасы үй кожейкеси эмес экенин жакшы билет. Филипп мүмкүнчүлүгүнө жараша үйгө конокко келип, белектерин тартуулап турат. Өкүл атасынын үнүн радиодон дароо тааныйт. Теледен клип, концерттерин көрөт жана ырларын коштоп ырдайт.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg