www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон райондорунун коомчулугу жаштардын эрте никеге туруусуна түп-тамырынан каршы. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгүндө өткөн “2015-2017 жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планын аткаруу. Жашы жете электер менен никеге туруу: кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жана калкты маалымдоо” аталышындагы тегерек столдо белгилүү болду.

Бул иш-чарага шаардык, райондук, областтык жергиликтүү бийликтердин кызматкерлери, медицина тармагынын, ички иштер органдарынын, дин чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарыны, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, аялдар иштери боюнча эксперттер, жарандык активисттер катышышты.

 “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун өкүлү Жылдыз Артыкованын айтымында, 2016-жылдын октябрь айында Үй-бүлө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 18 жашка жашы толо элек жарандар менен никеге турууга тыюу салган өзгөртүүлөр кирди. Ошого байланыштуу Кыргызстандын аймагында ушул жагынан түшүндүрүү, жайылтуу иштерин жүргүү максатында маалыматтык өнөктүк жүргүзүлүүдө.

Тегерек столдо бул маселе боюнча сатистикалык маалыматтар айтылып, анын катышуучулары мындай терс көрүнүштөрдү турмуштан четтетүү жагынан кандай алгылыктуу иш-чараларды жүргүзсө болорлугун ортого салышты. Айрыкча, Сузак районундагы Ырыс айыл аймагында жүрүп жаткан активдүү, натыйжалуу иштер тууралуу айтылып, коомдун бардык чөйрөсүндө бул терс көрүнүшкө каршы туруу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле бул маселеде дин кызматкерлеринин ролу да кызуу талкууланды.

-Тегерек столдун журүшүндө катышуучулар райондук жана областтык деңгээлде тайпаларга бөлүнүп, өз аймактарында бул мыйзам тууралуу маалыматты жайылтуу иш-чараларынын пландарын түзүштү. Бири-биринин тажрыйбаларын үйрөнүшүп, терс көрүнүштөргө каршы туруунун практикалык чаралары ишке ашырылмай болду. Эң негизгиси, коомчулуктун өкүлдөрү эрте никеге турууга жапырт каршы турмай болушту, - дейт Ж. Артыкова.  

Эскерте кетсек, мындай маалымат жайылтуу кампаниясы БУУнун Өнүктүрүү долбоору жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости