www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелорация министрлиги өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сапатын жогорулатуу жана экспортко чыгаруу боюнча бир топ иштерди колго алууда.
Өткөн жылдарды анализдөөнүн жыйынтыгында картошканын аянты акыркы жылдары көбөйгөнүн байкоого болот. Тагыраак айтканда 2016-жылда 82,2 миң гектарга, 2017-жылда 83 миң гектарга, 2018-жылда 84,4 миң гектарды түзгөн. Кыргызстанда “Пикассо”, “Романо”, “Латоно”, “Драга”, “Санте” голландиялык жана “Джели”, “Ревьера” Немец сорттору эгилүүдө.
Жыйынтыгында картошканын түшүмүнүн өндүрүмдүүлүгү жогорулап, 2018-жылы 1442,4 миң тонна түшүм алынган. Жергиликтүү калкктын картошкага болгон муктаждыктары аткарылгандан кийин, картошкага болгон суроо талаптародын аздыгынан сатыуу баасы төмөндөп кеткендиктен 2018-жылга караганда 2019-жылы 5,2 миң гектарга аз айдалып себилген.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелорация министрлиги тарабынан агрозоовет окутуу, семинарларды өткөрүүнүн негизинде дыйкан-фермерлер арасында жогорку сапаттагы үрөөндөрдү эгүү колго алынып, жакшы сапаттарын көргөзүүдө.
Буга мисал катары 2016-жылда бир гектардан 166,3 центнерден түшүм алынса, 2018-жылда бир гектардан 168,8 центнерден түшүм алынып, 1-2 центнерге көп өндүрүлүп, өсүү болууда.
Өткөн жылдагы картошканы сатуу мезгилиндеги пайда болгон көйгөйлөр жашыруун эмес. Дыйкандардын өндүргөн айыл чарба азык –түлүктөрү антаандаштыка туруктуу болуш үчүн, продукция таза жана сапатуулугуна көңүл бурушубуз керек. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө үрөөндүн сапаты чоң таасир берет. Ошондуктан себилүүчү картошканын үрөөнү алдын ала орууга дуушар болбогонун, курт жебегендигин аныктап талдоо менен эгилсе, кийинки алынуучу түшүм жогору сапатта, түшүмдүү болот.
Түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча картошка өстүрүүчүлөрдүн Ассоциациясы түзүлдү. Минисрлик алар менен тыгыз байланышып, дыйкан-фермерлер менен бирдикте иштөөдө. Айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруу маселесин өз убагында чечип кеңеш берип туруу максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелорация министри Эркинбек Чодуевдин буйругу менен министирликте айыл чарба азык-түлүктөрүн экспортоо бөлүмү ачылган. Аталган бөлүм тарабынан иш-чаралар иштелип чыгып, учурда аткарууга алынууда. Ошонун негизинде бир катар макулдашуулар жана мимерандумдарга кол коюлууда.
Ошондой эле “Картошка” класстердик программа –бул үрөөндү тандоодон баштап, жерди туура иштетүү, зыянкечтерден коргоо, жер семирткичтерди туура колдонуу жана колибировка, сактоо сатууга чейин этаптык программа иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн киргизилди.
Булак: NazarNews.kg