www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириянын Ел Баб аймагында 2 аскер шейит болду. Түрк куралдуу күчтөрү аскерлердин террордук уюм ДЕАШ жайгаштырган жарылуучу заттарды тазалоо учурунда болгон жарылууда шейит болгондугун билдирди. Маалыматка караганда окуяда 3 аскер да жараланды.

 Ел Бабдын түндүгүндө террордук уюм ДЕАШтын жасаган жан кечтилик кол салуусунда көпчүлүгү жаран болгон 60 киши каза болду.

Террористтердин Сусян айылындагы Эркин Сирия Армиясынын штабын бутага алган кол салуусунда 100дөн ашуун киши да жараланды.

Штабга карата кол салуусу ийгиликсиз болгон террористтер бомбалуу унааны жарандардын ортосунда жардырды. Сирия адам укуктарын байкоо үйүн булак катары көрсөткөн АФП агенттиги болсо каза болгондордун көпчүлүгүнүн сириялык оппозициячылдар экендигин билдирди.

Жаралуулар тез жардамдар менен Газиантеп жана Килистеги ооруканаларга алып барылып, окуя болгон жерде кенен коопсуздук чаралар көрүлдү.

Түрк куралдуу күчтөрү колдогон Эркин Сирия Армиясы Ел Баб районунун борборун кечээ колго алып, террористтер мурунтадан  жайгаштырыган мина жана башка бомбаларды тазалай баштаган.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости