www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актөбө шаардык соту бомба тууралуу жалган маалымат берүүгө айыпталган 69 жаштагы жергиликтүү тургун Жаксылык Батановду 2 жылга эркинен ажыратты. Бирок анын үч ай үй камагында болгондугу жана мунапыска илингендиги эске алынып, 10 айга жатак абагына кесилди.

Маалыматка караганда, Жаксылык Батанов өткөн жылдын 11-ноябрында мас абалында Актөбө шаардык «Энергосистема» ишканасына телефон чалып, имаратта бомба коюлганын кабарлаган. Прокуратурадан билдиришкендей, Батанов буга чейин аталган ишканада иштеген жана анын кызматкерлерине таарынычы болгон. Көзөмөл органынын өкүлү аны үч жылга эркинен ажыратууну суранган.

Батанов күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Бул кадамга билбестиктен баргандыгын айтып, соттон жазаны жумшартууну өтүндү.

Буга чейин бомба тууралуу жалган билдирүүгө байланыштуу чакыруу болгон жерге полиция кызматкери, өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти менен тез жардам кызматынын өкүлдөрү да барышкан. Аталган кызматтардын жетекчилери айыпталуучудан 400 миң теңге өлчөмүндө компенсация талап кылышкан. Соттун чечими менен ал сумма өкүм күчүнө киргенден кийинки үч айдын ичинде төлөнүп берилиши керек.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости