www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карганбек Самакуптун таманындагы жер кайрадан былкылдай баштады. Гектир-гектир жерлер «мөңкүй» баштады. Карганбек мырза колуна карга чычып турган маалда Чүйдүн чүчкүрүп койсо жүгөрү чыккан чүйгүн жерлеринен сатып алып, кийин кайра сатыкка койгон фактысы барекен. Бир караганда, бул жерде эч кандай деле кирминал жок сыяктанат.

Ушул заманда элдин баарыле сатып алып, кайра сатып пайда тааватышпайбы, туурубу?! Туурамей, эгер соода-сатык мыйзам чегинде болсо. Ал эми бул жерде кырдаал кыйла чиеленишкен сыяктуу. Сатып алынган жана кайра сатыкка кеткен жерлер какыраган таштак талаамес, сугат жерлеркен, көрсө. Кирминал дал ушул жердекен. Сугат жерлерди сатып алган киши кайра сугат жер катары гана сатууга милдетүүкен. Ал жерлер болсо там салууга деп, тилке-тилке боюнча сатылып кеткен тура. Ал эми Карганбек мырзага келе турган болсок, ал сатывалган сугат жерлер буга чейинле эчак трансформацияланып (сугат жерден там салчу тилке жерлерге которулуп), эски макамын жоготкон мезгил имиш.

Игор Чудинуптардын, Искен Айдаралийиптердин арааны жүрүп турган маалда ишке ашкан имиш. Анан эмнеге ошолор жооп бербей, жалгыз Самакуп жооп бериши керек, ушул жагы саал-паал түшүнүксүз болуп туру. Чалмакейди ага чейинле чалган «чудиктер, чучундуралар» кайда азыр?!

Азыр К.Самакупка он тогуз жыл сурап атышат. Экс-депутаттын билип-билбей кетирген күнөөсү болсо болгондур, бирок он тогуз жылдык эмес да, эй! Сөзсүз бул жерде «иттин» өлүгү көмүлүп жатат. Убагында Карганбек мырза А.Салянова генпуркурор болуп турган мезгилде анын «оң» колун кайрып койгон жайы барекен. Аты-жөнү Арпачийип бекен же башка бекен, айтор ушундай окуя катталган имиш. Тактап айтканда, ишти тамам кылам деп пара сурап, анын жүз миң баксын бериваткан жеринен карматып ийген дейт. Балким ошолор реванш алганы жулкунуп турушабы деген да ой кететкен. Эмнеси болсо да, бул ишти адилеттүү чечүүдө кара кылды как жарган сот органдарына таяна турган кез келди. Башка кимге таяныш керек, көзачыктаргабы?!.

Булак: Де-факто

Последние новости