www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирияда Башар Асад режими, өлкөдөгү согушка чечүүчү жол табылышы үчүн Женева шаарындагы сүйлөшүүлөр уланып жатканына карабастан, жерлериндеги оппозициячылдарды бомбалоосун улантып жатат.

Өлкөнүн түштүк-батышындагы Дера шаарында оппоциячыл аймактарга карай кечээки абадан кол салууда 10 адам каза болуп, 39 киши жаракат алды.

Асад режими Хареста районундагы отурукташуу жерлерин да напалм бомбалары менен бомбалады.

Андан көп сандаган адам жаракат алса, напалм бомбалары түшкөн имараттарда өрт чыгып, чоң зыянга учуратты.

Дамасктын чыгышындагы Хареста району, 19-февралда режим ракеталар менен бутага алган оппоциячылдардын көзөмөлүндөгү Кабун кыштагынан качып чыккан 3 миңдей үй-бүлөнү да тосуп алды.

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Мистура, Орусиянын Башар Асад режиминен Женева сүйлөшүүлөрү убагында абадан кол салууларын токтотушун талап кылганын билдирген болчу.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости