www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киев соту Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун жесиринин жээни Акбарали Абуллаевдин камактагы мөөнөтүн бир жылга чейин узартты. Ал 14-январда Киев аэропортунда кармалып, райондук соттун чечими менен 22-февралга чейин камакка алынган.

Өзбекстандын бийлиги өткөн аптада Абдуллаевди экстрадициялоо өтүнүчү менен Украинага кайрылган. 20-февралда ал Киевдеги тергөө абагынан өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын абагына которулган.

33 жаштагы Акбарали Абдуллаев Өзбекстандын Башкы прокуратурасы тарабынан экономикалык кылмыштарга жана кызматтык документтерди жасалмалоого айыпталууда. Анын камактагы мөөнөтүн узартууну Киев прокуратурасы суранган. Прокурор Марина Ким Абдуллаевдин саламаттыгы анын камакта болуусуна же экстрадицияланышына жолто болбостугун билдирди. Айтымында, Абдуллаевде Диминикан Республикасынын дагы паспорту бар болгондуктан, Киев прокуратурасы ал Украинадан чыгып кетпейт деп кепилдик бере албайт.

Абдуллаев сотто «анын ишин тереңирээк кароого» чакырып, эгер Өзбекстанга өткөрүлүп берилсе, ал жакта аны өлүм күтүп турганын айтты. «Эгер Өзбекстанга барсам мен өлүп калам. Бул турган иш. Ал жакта мен дароо өлсөм мейли дейт элем, бирок алар мени кыйнап туруп өлтүрүшөт. Мен абакта өлөм. Буга чейин андай кыйноолорду көргөм», — деди ал. Абдуллаев өлкөдөн «саясий башпаанек» суроо ниетин билдирди. Бирок ал камакта жаткан шартта андай мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга болбостугун айтып, соттон үй камагына бошотууну өтүндү.

Судья Абдуллаевдин ушундай эле айыптар менен эки жарым жыл абакта жатып чыкканын айтып, аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн адвокаттардын талаптарын да эске алган жок. Андан сырткары Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүп берилсе, өлүп калышы мүмкүн деген жүйөлөрдү да көңүл сыртында калтырды. Судья прокурорго эки ай сайын экстрадициялык иштин жүрүшү тууралуу отчет берип турууну тапшырды. Соттун чечими дароо күчүнө кирди.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости