www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” позициясындагы жетекчилер мамлекет тамырын чиритип, анын бай түп дарагын кууратгуу салым кошуп,  жатканын түшүнөт болду бекен? Таң, ага акылы да, дарамети да жетпеси керек. Айталы, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов күн өткөн сайын өзүнүн өтө чабал жетекчи экендигин айгинелеп көрсөттү.

Бул кызматта олтурганына толук 3 жылдын жүзү болду, кыйратып бир иш алып барганын, кайсы бир тармак боюнча демилге көтөрүп  ишке ашырган көрө элекпиз. Эт менен челдин ортосунда олтурганы олтурган. Аныгында Чүйдүн жүгүн көтөрүп, туу болуп берчү чыйрак, тирикараак жигиттер жок эмес. Кудайбергеновго окшоп куурай башын сындырбастан премьер-министр Сооронбай Жээнбековду ээрчип алып эл кыдырып каада күткөндө эл тирденеби?

Бактыбек мырза, анчалык эл-жер аралагыч экен, өзү жетекчи катары  эл аралап койгонго жарабады? Жарай элек. Жараксыз темирдин кереги барбы?

Булак: Де-факто

Последние новости