www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда сентябрдын аягында 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү өлкөдө чоң резонанс жаратты. Бул кайгылуу окуя коомчулукту терең түйшөлтүү менен катар өлүм жазасына тартуу ченемин киргизүү маселесин күн тартибине алып чыкты. Президент Садыр Жапаров окуянын тергелишин жеке көзөмөлүнө алып, өлкөдө аялдарга жана балдарга карата кылмыштардын алдын алуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү демилгесин көтөрдү. Бирок коомдо бул сунуш боюнча ар түрдүү пикирлер айтылууда.
Президент аталган демилгеси боюнча «Кабар» агенттигине маек берип кенен токтолгон.
Жапаров маегинде мындай муктаждык эмнеден улам келип чыкканы тууралуу суроого төмөнкүдөй жооп берген:
«Мындай муктаждык эмнелерден келип чыкканын жалпы коомчулук көрүп турат. Акыркы убактарда “педофилдик” кылгандар көбөйүп баратат.
Зөөкүрлөр жаш балдарды, жаш кыздарды, аялдарды зордуктап, өлтүрүп жатканы өкүндүрөт. Статистиканы карап көрсөк, төмөнкүчө болуп жатат.
Адам өлтүрүү (КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси)
2021-жылы катталганы:
− 14 жашка чейинки балдар: 2;
− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 1;
− аялдар: 36;
− бардыгы: 39.
2022-жылы катталганы:
− 14 жашка чейинки балдар: 1;
− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 1;
− аялдар: 41;
− бардыгы: 43.
2023-жылы катталганы:
− 14 жашка чейинки балдар: 2;
− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 2;
− аялдар: 21;
− бардыгы: 25.
2024-жылы катталганы:
− 14 жашка чейинки балдар: 5;
− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 4;
− аялдар: 34;
− бардыгы: 43.
2025-жылдын 8 айында катталганы:
− 14 жашка чейинки балдар: 3;
− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 4;
− аялдар: 21;
− бардыгы: 28.
Зордуктоо (КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси)
2021-жылы катталганы:
− 14 жашка чейинки балдар: 21;
− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 47;
− аялдар: 12;
− бардыгы: 80.
2022-жылы катталганы:
− 14 жашка чейинки балдар: 34;
− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 29;
− аялдар: 7;
− бардыгы: 70.
2023-жылы катталганы:
− 14 жашка чейинки балдар: 44;
− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 116;
− аялдар: 15;
− бардыгы: 175.
2024-жылы катталганы:
− 14 жашка чейинки балдар: 53;
− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 35;
− аялдар: 19;
− бардыгы: 107.
2025-жылдын 8 айында катталганы:
− 14 жашка чейинки балдар: 20;
− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 42;
− аялдар: 19;
− бардыгы: 81.
Мындай статистика бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө бардык өлкөлөрдө өсүп жатат.
Алардын аттарын атап, салыштыргым келбейт. Ким кааласа, ачык булактардан карап, көрүп алса болот.
Мына ушундан улам, күчөтүү боюнча тапшырма бердим. Жазаны күчөтсөк, токтойт деген үмүтүбүз чоң. Себеби, түрмөнү тоготпой калышты. Түрмөдө азыр мурдакыга караганда жашоо жеңилирээк болуп калды. Түрмөлөргө режим кирди. Мурда сырттагы үй-бүлө же жакындарынан “тамак киргиз, кийим-кече киргиз, акча киргиз” деп, жардам алып жашашчу.
Мындан сырткары, өздөрү түрмөдө олтурганы аз келгенсип “воровской көтөрөбүз” деп акча чогултушуп ууруну да багышчу.
Азыр болсо үч маал тамак менен кийим-кечелери бекер, түрмөлөрдүн ичинде иш менен камсыз болушту, эмгек акы алып жатышат.
Тескерисинче, азыр ушул тапта үй-бүлөлөрүнө акча жөнөтүп жаткандар бар. Ошондуктан өлүм жазасын киргизсек, токтойт деп турам. Токтобосо дагы бир кыйла азаят».
Ошондой эле президент коомчулукта айтылып жаткан, өлүм жазасын киргизүүдө эң чоң коркунуч катары сот жана укук коргоо органдарына болгон ишенимдин төмөндүгү, кылмышка тиешеси жок адамдарга карата колдонулуп кетпейби деген чочулоолорго да жооп берип, андай болбоштун жол-жобосун адистер иштеп чыгыша турганын, тапшырма бергенин билдирди
«Азыр XXI кылым. Техниканын заманы. Мисалы, тергөө баштан-аяк видеоматериалдар менен далилдесе, сот процесстери баштан аяк онлайн режимде элге түз көрсөтүлүп турса, күнөөсүз эле адамды өлүм жазасына тартыш кыйын да.
Андан сырткары, эки жактын өкүлдөрүнөн сотко катыштыруу маселесин дагы караса болот. Мисалы, кечээки зөөкүрдүн энеси интернет аркылуу элге кайрылуу жасап, «балама эң жогорку жазаны бергенге макулмун» дебедиби.
Ошондуктан сот процесстерге жакындарынан катыштырсак, өз көздөрү менен көрүп ынанышат да. Адамга өлүм жазасын бериш оңой иш эмес. Ошондуктан абдан дыкат карашыбыз керек. Бул жагын жетимиш өлчөп, бир кесебиз»,-деди Жапаров.
Эгер мындай катаал жаза киргизилсе, анын аткарылыш механизми кандай болот? Бул жаза кайсы кылмыштарга гана колдонулат? Мисалы, ири өлчөмдө коррупция менен кармалгандарга карата да колдонулабы? Деген суроолорго өлкө башчы жооп берип жатып төмөкүлөргө токтолду:
«Коррупция маселесин бул жакка такыр аралаштырбаш керек. Бул жерде адам өлтүрүү, өспүрүмдөрдү зордуктоо жөнүндө гана сөз болуп жатат. Эгер коррупцияны аралаштырсак, анда сиз суроо салгандай тиешеси жок адамдар да жазага тартылып кетиши мүмкүн. Себеби коррупцияга байлап, күнөөсү жок эле адамдарды жазага тартып жиберчүлөр четтен чыгат. Пендечилик деген бар да.
Укук коргоо органдары менен мамлекеттик кызматкерлердин арасында бири-бирине душмандашкандар көп. Бири-бирине коррупция менен “жалаа” жабышы мүмкүн.
Киши өлтүрүү, зордуктоо менен “жалаа” жабыш оңой иш эмес. Коррупция боюнча кечээ жакында кабыл алынган мыйзам эле катуу иштеп турса, коррупция жоголот. Коррупцияны мындай эле жок кылабыз, акыры. Жогорку жакта жоголду. Акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөрдө токтобой жатат. Аймактарды өнүктүрүүгө деп бөлүп берген миллиарддаган акчалардын жарымын жеп, калган жарымы менен дагы жыргатып иш жасабай жатышат. Ылдый жак оңолбой жатат. Ал жакта дагы көчтү бара-бара түздөйбүз.
Уурдагандардын баарын кайтартабыз. Кайда, канча акча бөлүндү, кайсы жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы желип кетти деген тапшырмам боюнча бардык жактарда комиссия иштеп жатат. Жыйынтыгы декабрдын аягы же январь айында чыгып калыш керек. Жыйынтыгы менен чараларды көрөбүз. Биздин көйгөй азыр балдар менен аялдарды коргоодо болуп турат».
Жапаров белгилегендей, бул маселени бийлик өзү билип эле чечип койбойт.
«Эл менен кеңешебиз. КР Конституциясынын 25-беренесине ылайык, өлүм жазасына тыюу салынат. Ошол эле учурда ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес деп
Конституциянын бул беренесинде так жазылган. Башкача айтканда, мамлекет адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салуудан коргоого укугу бар.
Коомчулук балдарыбыздын жана аялдардын кол тийгис укуктарын коргоо үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатат. Элдин калың катмарынын бул талабы мыйзам аркылуу гана чечилиши керек.
Мыйзамдын долбоору — Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө — биринчи иретте коомдук талкууга коюлат. Андан кийин Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбооруна корутунду берет.Ал мыйзам долбоору референдумда кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет.
Эгерде көпчүлүк эл колдосо, андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, иштеги кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек»,-деди Жапаров.