www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин экс-мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңешке болгон шайлоого талапкерлигин коюп, эл өкүлү болууга бел байлаптыр. Шаарды өнүктүрө албай, чечилбеген көйгөйлөрдү артта калтырып кеткен адам эми Жогорку Кеңештин депутаты болуп мыйзам чыгарып кыйратабы? 

Мэр кызматында тургандагы негизги "жетишкендиги" — инерттүү башкаруу, элден алыс болгон чечимдер, транспорт маселесинин чечилбей, инфраструктуранын оңолбой шаар калкын жүдөткөнү болду. Бишкекти каптаган таштанды, ыш-түтүн, жарыгы жок көчөлөр, унаа тыгындары элдин эсинен чыга элек. Анын ишмердүүлүгүнө ыраазы болгон элге караганда нааразы болгондор көбүрөөк. Коом калыстык күтүп жаткан чакта, мурда ишин так аткара албагандардын кайра-кайра шайлоого аттанып жатышы элдин кыжырын кайнатып жатпайбы?

Жогорку Кеңешке баруу бул — креслого отуруп алып буйрук берүү эмес, элдин үнүн угуп, тагдыр чеччү мыйзамдарды калыс кабыл алуу. Мэрлик кызматта турганда шаар көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмсүз экенин далилдеген адам эми кантип бүтүндөй өлкөнүн маселесин чече алат? 

Депутат болуунун 30 жылдан бери эңсеп, шайлоо сайын катышып, маарага жетпей ар дайым жыдып, умчунуп отуруп калгандан деги чарчабай койду. Эми карыгында пенсиясын алып тынч отурса болмок, жаштардан мандат талашып эси ообой. Шайлоочулар мындай “эскирген, критке кеткендерди” шайлабаш керек. Булар келсе жыргатат деген абсурд.

Булак: NazarNews

Последние новости