Апаат жана курч кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) жер титирөөдөн кийин ооруканаларга кайрылган 1607 кишиден 1515нин чыгарылганын маалымдады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Элазыгдын Сивриже районунда жума күнү Түркия убактысы боюнча саат 20:55те болгон 6,8 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 39 кишиге жетти.
Апаат жана курч кырдаалдарды бакшаруу башкармалыгынын (AFAD) жер титирөөдөн кийин ооруканаларга кайрылган 1607 кишиден 1515нин чыгарылганын маалымдады.
Апаат жана курч кырдаалдарды бакшаруу башкармалыгынын (AFAD) координациясындагы иш-аракеттер менен ушул убакка дейре 45 киши урандылардын астынан аман чыгарылды, аймакка жалпы 23 миң 507 үй-бүлө чатыры, 400 жалпы максаттуу чатыр, 2354 жылыткыч, 6436 азык-түлүк коропкасы өткөрүлдү.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум, дин иштери башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш жер титирөө аймагында иликтөөлөрдү жүргүздү.
Булак: NazarNews.kg