www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Палестина-израилдык конфликтте “кылым келишимин” ишке ашыруу үчүн төрт жыл керектелет. Бул тууралуу израилдик маалымат булактары жазып чыкты. “Едиот Ахронот” басылмасы мындай мөөнөттү АКШ президенти Дональд Трамп киргизгенин жазып чыкты.

Бул мезгилдин аралыгында Палестин жетекчилигинин өкүлдөрү келишимге “макулдугун бериш керек”, ал эми Израиль “еврейлер жашаган жерлерде үйдү курууну улантат”, бирок жаңы жерлерге кура албайт.

“Кылым келишиминин” пунктарын кыскача айтып берсек, анда 40 пайыз Иудея жана Самария облустарынын территориясы Израилге, 40 пайызы Палестинага берилет.

Өткөөл мезгил өткөндөн кийин палестиналык бийлик мамлекет кура алат. Бирок, палестиналыктардын “мамлекетинин” өзүнүн аскерлери, эгемендүү аба мейкиндиги, чек ара пунктары жок болот. Палестинага кимдир бирөө менен аскердик келишим түзүүгө тыюу салынат. ХАМАС жана башка куралдуу топтор белинен куралдарын чечиш керек. Палестиналыктар Израилдин борбору Иерусалим экенин тааныш керек.

Палестина планды кабыл алса, 50 млрд доллар түздөн-түз инвестицияга ээ болот.

Израилдин ММКлары палестиналыктар эч качан макул болбоорун түшүнүп, Вашингтондун мындай сунушун ачык эле шылдыңдап жатат.

“Келечектеги палестиналык мамлекет АКШ президенти Дональд Трамптын планында аябай жакшы көрүнүп жатат. Сиз дароо эле кийимдерди чогултуп, ошол жакка көчүп кеткиңиз келет. Бул ХАМАСтын эч кандай аскердик канаты жана ракетасы жок куралсыз өлкө, а Израиль болсо, Иерусали борбору менен еврейдин мамлекети болуп таанылды. Кыял”,-деп израилдик Ynetnews басылмасы жазып чыккан.

“Кылым келишиминин” негизги идеологдорунун бири америкалык президенттин күйө баласы Жаред Кешнер.

Буга чейин Палестинанын башчысы Махмуд Аббас “кылым келишими” кыйроого учурайт деп чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости