www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын январында Москвада Кыргыз Республикасынын бир топ жарандары «WhatsApp» мессенджери аркылуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну, 1992-жылы туулган У.А. аттуу жаранды издөөгө жардам берүү тууралуу кайрылуусу тараган. Жоголду деген адам 2020-жылдын 16-январь күнү жумушуна кетип кайтып келген эмес. Жарандар андан соң Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө  кайрылышкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы фактыны текшерүүнүн жүрүшүндө дайынсыз жоголду деп эсептелген У.Д. аттуу жаран 2020-жылдын 16-январь күнү Москва облусунун Подолск шаарынын аймагына иштегени кеткендиги жана ал жакта телефон байланышы иштебегендиги, ошондуктан туугандары менен байланыша албай калгандыгы такталган. Ошондой эле ал ошол күндөн бери жумушта болгондугу маалым болгон.

Жаран У.Д. жазуу түрундө түшүнүк кат жазып берди. Туугандары аны издегендигин жана дайынсыз жоголгондугу жөнүндө билдирүүнү жумушунан кайткандан кийин билген.

24-январь күнү ага жана анын туугандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү мекендештерине кайрылат,  узак убакытка  үйдөн кете турган болсоңуздар, туугандарыңыздар, ата-энеңиздерди  сиздерди дайынсыз жоголду деп издетип, убара кылбастан маалымдап, эскертип тургула.

Өкүлчүлүк жарандардан «WhatsApp» мессенджери жана социалдык тармактар аркылуу туура эмес жана такталбаган маалыматтарды текшербестен таратпоону, зарыл болгон учурда расмий органдарга кайрылууну сунуштайт.

Эгерде Россиянын аймагында укукка жат иш-аракеттер жасалган болсо, анда аталган фактыны каттоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылыңыздар. Россиянын аймагында жасалган бардык мыйзамсыз иш-аракеттер Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан  каралат.

Кеңеш алуу же кошумча маалыматтарды алуу үчүн  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө (төмөнкү даректе жайгашкан:

Москва шары,  Большая Ордынка көчөсү, үй 62,   курулуш 1 « Добрынинская метросу»,   Кыргыз Республикасынын  Россия Федерациясындагы Консулдугунун жанында), андан сырткары +7 (926) 890-87-00 телефон номурларына байланышыңыздар. 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү маалымдайт, айрым учурларда жарандар кылмыш жасалгандыгы жөнүндө өз убагында кайрылышпайт.

Бул жасалган кылмышка жана укук бузууларга, дайынсыз жоголгондорду издөөдө аракет кылууда тоскоолдуктарды жаратат. Жарандарда дайынсыз жоголгондор тууралуу бир жумадан кийин, бир айдан кийин же бир нече жылдан кийин кайрылган учурлары бар.

Дайынсыз жоголгондорду туугандары өз алдынча издеп, тыянак чыкпагандан кийин гана укук коргоо органдарына кайрылышат. Бул аракеттери кеч болуп калышы мүмкүн. Айрым жарандар укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызматынын оорлугун көп учурда түшүнө беришпейт. Айрым жарандар болсо, дайынсыз жоголгон туугандары жөнүндө кайрылганда айрым фактыларда туура же так көрсөтүшпөйт, айрым маалыматтарды жашырып коюшат. Аталган маалыматты текшерүүдө укук коргоо органдары тарабынан көптөгөн күчтөр жумшалып, туугандары жашырган айрым маалыматтар чыга баштайт.

Андан сырткары, жарандар уурдоо, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу жөнүндө жалган маалыматтарды таратып, коомдук резонанс жаратат.

Жыйынтыгында аныкталгандай, алар туугандары издебеш үчүн ар кандай окуяларды ойлоп табышып, адаштырууга түртөт.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү эскертет, кылмыш жасалгандыгы тууралуу маалыматтарды тараткандар келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кылмыш жооперчилигине тартылат. Кээде социалдык тармактарда Россиянын аймагында мигранттарды массалык түрдө кармап жатышкандыгы тууралуу такталбаган маалыматтар тароодо.

Мисалга алсак, Москва шаарынын аймагындагы райондорунун биринде мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо боюнча укук коргоо органдары рейд жүргүзүүдө дегендей.

Бирок, чындыгында аталган рейд чет өлкөлүк жарандардын документтерин текшерүү үчүн жүргүзүлгөн. Анткени бул райондо кылмыш катталган эле. 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жогорудагыдай такталбаган маалыматтарды таратпоого жана компетенттүү органдардын расмий маалыматтарга ишенүүгө чакырат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости