www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин кезектеги жыйналышы 2019-жылдын 3-майында өттү.
Жыйналышта Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен иштелип чыккан иш-чаралардын планынын долбоору жактырылып, мындан ары жыйындарды өткөрүү менен бекитилген планды ишке ашыруу боюнча үзгүлтүксүз тиешелүү иш жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 5-апрелинде «Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол коюп, Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлгөн.
Уюштуруу комитетинин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттарынын, мамлекеттик органдардын, 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондордун туугандарынын, жабыр тарткандардын, катышуучулардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түзүлүп, жалпы 36 мүчөдөн турат.
Уюштуруу комитетинин төрагалыгына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев бекитилип, төраганын орун басарлыгына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси — министр Шамиль Асымбеков жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев бекитилген.
Булак: NazarNews.kg