www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун тургуну, активист Урмат Акунов президент Сооронбай Жээнбековдун уран кенине болгон чечкиндүү кадамын туура деп эсептейт.
--Президентибиз Сооронбай Жээнбеков «Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам — Кыргызстанда уран казылбайт!», — деп баса белгиледи.
Президенттин бул кадамына абдан кубандым. Ток этээрин айтканда мурдагы президент Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев уран кенин ачты, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков уран кенин жапты. Мына Жээнбековдун чын тийбес душмандарынын жаагы жап болду. Күтө туралы, “Форум” тарап дагы эмне деген шылтоо табышат болду экен. Эми Жээнбеков Отунбаева менен Атамбаевге уран кенин каздырганы боюнча кылмыш ишин козгошу керек!, - деди активист Урматбек Акунов.
Булак: NazarNews.kg