www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу маселеси кечээ же бүгүн эле жарала калган жок. Энергетиктер абалдан чыгуунун жолу катары тарифтерди жогорулатуу маселесин бекеринен президент Садыр Жапаровго сунуштабаса керек.

Тагыраагы, буга чейин деле кырдаал кыйындап, критикалык абалга жеткенде электр энергиясына болгон бааны жана жылуулукка болгон бааны жогорулатуу сунушталчу. Жашоо-шарттын төмөндүгүн айтып, эл нааразы боло баштаганда электр энергиясына болгон бааны калтырып, бирок чектөө киргизгенге аргасыз болушчу. Кыргызстанда электр тарифи акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күнү 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2.16 тыйындан төлөнөт. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер 2.24 тыйындан төлөйт. Сөзүбүз куру болбош үчүн sputnik.kg сайтына 2018-жылы 19-февралда жарыяланган «Электр энергиясын кымбаттатуу керекпи же жокпу?  Адистердин түшүндүрмөсү» деген макаладан мисал келтирели.

Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин өкмөт башчы Сапар Исаков «энергетикага тарифти көтөрүү зарылдыгы бар экенине токтолуп, энергетика тармагынын чыгашасын кирешеси жаба албай, электр энергиясын таратуучу компаниялардын миллиарддаган карызга батып калышты. Эгер береселер мындан ары дагы өсө турган болсо, трансформаторлор бузулуп, көйгөйлөр курчуйт», - деген экен. 

Кыргызстанда элге электр энергиясын жеткирип берип турган төрт мамлекеттик жергиликтүү ишканаларга акыркы беш жыл ичинде 100 миллиард сомдой акча карыз болгон.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги тиешелүү адистерге кайрылып, электр энергиясына жана жылуулукка тарифтерди көтөрүүнүн канчалык зарылдыгы бар экенине кызыккан.

Тарифтерди эмне үчүн көтөрүү керек?

«Энергетика экономикалык тармак экенин, анын кирешеси чыгашасынан аз да болсо жогору турушу керек» дейт экономика илимдеринин доктору, профессор Батыркул Баетов.

«Экономикалык мыйзамдарга ылайык, ишкананын жок дегенде 15 пайыз кирешеси болбосо, ал өлөт. Ал эми биздин энергетика тармагыбыз жалаң чыгымдын үстүндө келе жатат. Анткени жылуулук өз наркынан — 2,5 эсе, электр энергиясы — 1,5 эсе арзан сатылууда. Мына ушундан улам ортодогу айырма акча кайдан алынышы керек?» - деген суроо пайда болот дейт Баетов.

«Улуттук электр тармактары» компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Бекбо Маматбеков азыркы учурда ТЭЦ жана ГЭСтердеги жабдуулардын эскилиги жетип турганын, аларды жаңыртууга оңбогондой каражат керектигин айтат.

«Бизде жабдуулардын 50 пайызы эскирди. Норма боюнча 25 пайыз техника эскиргенде кризистик кырдаал болуп саналат. Бишкек ТЭЦинде 1965-жылы чыгарылган насостор иштеп жатат. Токтогул ГЭСиндеги агрегаттар 1960-70-жылдарга таандык. Мындай шартта эми дагы авария болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт», - деди ал.

Ошондой эле, Маматбеков электр энергиясын чыгарууга керектелген каражаттын баасы жылдан-жылга өсүп баратканына токтолду.

«1990-жылдары газдын миң куб метри 50 доллар болсо, азыркы күндө 250 доллардан ашты. Көмүрдүн баасы дагы жыл санап өсүп баратат. А биз тарифтерди ошол бойдон кармап келе жатабыз. Анан, албетте, жаңы жабдуу алып, оңдоо иштерин жасоого чет өлкөлөрдөн карыз алабыз да. Эч бир киреше болбой, тескерисинче, чыгым менен келе жаткан тармак карызынан кантип кутулат? Ошондуктан тарифтерди көтөрүү тууралуу маселени түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек», - деди Маматбеков.

Тарифтерди эмне себептен көтөрбөш керек?

Бааны көтөрүүнүн эч зарылдыгы жок деген оюн «Түндүк электр» ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Сапар Аргынбаев билдирди.

«Улам бир авария болгон сайын тарифти көтөрөбүз дей берүү туура эмес. Андан көрө мамлекеттик ишканаларга атаандаш болуп, кирешесин талашып жаткан жеке компанияларды азайтышыбыз керек. Мисалы, азыр Кыргызстанда электр энергиясын таратуучу төрт мамлекеттик, 16 жеке компания бар.

«Түндүк электр» ишканасы 1 миллион киловатты 5 миң эсептегич менен таратып жатса, жеке компаниялар ири кардарды алат да, ошондой эле, өлчөмдөгү энергияны бир эсептегич менен сатат. Жеке компаниялар Ош жана Бишкек шаарындагы жарыкты көп колдонгон майлуу-сүттүү абоненттерди гана алууга аракет кылышат. Ошентип мамлекеттик компаниялар акчасы жок отурат», — деди Аргынбаев.

Тарифти көтөрсө эле көйгөй чечилип калбайт деген пикирди мурдагы Кыргыз мамлекеттик энергокомпаниянын президенти Жамалбек Түлөбердиев дагы карманат.

Анын айтымында, энергетика көйгөйүн «Камбар-Ата-1» ГЭСин ишке киргизүү менен чечсе болот.

ТЭЦтеги авариядан улам жылуулуктун акчасы кайра эсептелет.

«Мындан 21 жыл мурда курула баштаган «Камбар-Ата-1» ГЭСин орто жерден таштап койдук. Ошондон бери бир дагы жаңы объект ишке кире элек. Аталган ГЭСтин кубаттуулугу 1 860 мегаватт болуп, Токтогул ГЭСинен 1,5 эсеге ашмак. Мындай шартта Кыргызстанда электр энергиясы эң кымбат дегенде 40 тыйындан болмок», - дейт Түлөбердиев.

Ошондой эле, бул тармактагы негизги көйгөй энергиянын же каражаттын тартыштыгы эмес, ишти уюштура билген профессионалдар жоктугунда болуп жатканында деген оюн айтты.

Тарифти канча пайызга көтөрүүгө болот деген суроого профессор Батыркул Баетов «беш жыл аралыгында тарифтерди акырындык менен көтөрүп отуруп, электр энергиясыныкын 20 пайызга, жылуулуктукун 25 пайызга кымбаттатса болот» деп жооп берди.

«Мамлекет төрт жыл мурда орточо тариф саясатын иштеп чыгып, 2017-жылга чейин тарифти 20 пайызга көтөрөбүз деп чечим кабыл алган. Бирок ошол аралыкта 10 гана пайызга жогорулата алды. Эми келерки төрт жылдыкта 20 пайыздык планды ишке ашыруу зарыл. Бул калктын чөнтөгүнө катуу зыян келтирбейт. Бирок энерготармакты бутуна тургузуп коет», - дейт Баетов.

«ТЭЦте бир гигакалорий жылуулук өндүрүп чыгуунун наркы 876 сом болсо, аны элге 395 сомдон сатып жатышат. Станциядан чыккан электр энергиясынын өз баасы 2 сом 70 тыйындан болуп жатса, аны 77 тыйындан беришүүдө. Мунун айынын энергосектордо 2015-жылы 7 миллиард, 2016-жылы 5 миллиард сомго жакын тартыштык болгон», - деди Маматбеков.

Бирок ал жарык менен жылуулук кымбаттай турган болсо, калктын аялуу катмарына мамлекет жеңилдик бериши керек деген ойдо.

Эске салсак, ушул тапта калк электр энергиясы үчүн 700 кВт саатка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ал эми тоолуу аймактын тургундары 1000 кВт саатка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан беришет. Жылуулук үчүн бир гигакалорийге 1134 сом 76 тыйындан төлөп келебиз.

Чынында электр энергиясынын өздүк наркы тыйын эле деп ооз көптүргөнүбүз менен Кыргызстанда электр энергиясы элге өздүк наркынан беш эсе арзан сатылат. Бул тууралуу

Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 96 тыйын экенин «Электр станциялары» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Лев Васильев билдирген.

«Бишкекжылуулуктармагы» ААКтын башкы директорунун кеңешчиси Мирбек Батаканов тарифтер мекеменин авариясыз, ишенимдүү жана сапаттуу иштешин эске алуу менен түзүлүшү керек деген пикирди тутунат. Урматтуу окурман бул 2018-жылдын 19-февралында жазылган макаланы колдондук. Андан бери үч жылга чукул убакыт өттү. Адистердин айтканын эске алсак, абал андан оорлосо оорлогондур, бирок, жеңилдеген жок.

Демек, мен бирөөнүн карызы үчүн эмнеге электр энергиясына кымбат төлөшүм керек деген маселе болбошу керек. Анткени, өз наркынан 5 эсе арзан алып жатканыбыз үчүн электр сектору мына ушундай абалга кептелиптир. Балким, чын эле энергобарондордун электр тармагын ушунча карызга батырганга таасири бардыр.

Бирок, негизги маселе кымбат өндүрүлгөн электр энергиясынын арзан сатылганында экенин туура түшүнүшүбүз керек. ОАО «Электр станциясында» директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген Осунбек Жамансариев бул маселени мындайча түшүндүрүүгө аракет кылды. 

«ОАО «Электр станциясында» директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген адам катары айтсам, тариф 77 тыйындан болгон үчүн ОАО Электр станциясы карызга батып кеткен, ал кредиттердин проценти, сомду долларга которгондогу айырма да электр тармагын жылдан-жылга сазга батырып жатат.

Мен да жаран катары, саясатчылардын сөзүнө ишенип, ГЭСтер өзүбүздө болсо, тариф арзан болуш керек деп ойлочумун, көрсө маселе таптакыр андай эмес экен», – дейт Осунбек Жамансариев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости