www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөбүздүн Өзгөчө кырдаалдар министри болуп 6 жыл удаа иштеп, кийин биринчи-вице-премьер министр болуп кеткен Кубатбек Бороновдун иш билги жетекчи экендигин баса белгилеп койсок ашыкча болбос.
Аныгында адам аткарган ишин билсе, эл алдында абийири таза болсо демек ал эң мыкты адам. Бирок мындайлар биздин коомдо өтө эле аз. Ошол азчылыктын анык өкүлү так ушул Кубатбек мырза.
Буга чейинки вице-премьер-министрлердин иш бөлмөсүндө эле
опурулуп олтурганын көрчү элек, Бороновдун чуркап эле жүргөнүнө кубөбүз. Өзүнүн иш билгилиги, кесипкөйлүгү жана элге жакын иш алып баргандыгы менен Боронов кабинетчил министрлерден айырмаланып, ар качан эл арасында жүрөт.
Дегеле, министр же жетекчи болсо эле Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшө калгансып, галстугуна муунуп, бооз бээчесинен казыларын чатырата чалкалай басып калчулар элге кызмат кылууну жок дегенде Бороновдон сурап койсоңор боло.
Булак: Де-факто