www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЦАРИИнин мурдагы орун басары, адвокат Алексей Елисеев Кыргызстанда энергетика тармагында ири мафия иш жургүзүп келгенин жана ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталып жаткандардын арасында күнөөлүүлөр жок экендигин «Азатгыктагы» маегинде айтты:
"Тилекке каршы, Кыргызстанда 2010-жылкы төңкөрүштөн мурун да, кийин да энергетика жаатында мафия иш алып барып келген. Ал андагы Бакиев же Ширшов эмес, азыркы Исаков же Атамбаев эмес. Кеп таптакыр башка адамдар тууралуу болуп атат. Алар көзгө илинбеген төмөнкү позицияларда туруп алып коррупциялык процесстерди башкарып, өлкөнүн жетекчилигин «сатып алып» же алдап келген. ЦАРИИде иштеп атканда мен ага туруштук берип келгем. Бирок Убактылуу Өкмөт да алардын колуна түшкөн. ЖЭБ дагы ошол эле көрүнүштүн бир бөлүгү, бирок күнөөлүүлөрдү, менимче, бүгүнкү айыпталуучулардын арасынан издебеш керек"- дептир.
Анда ал крррупциялык иштерди ким жасаган. Аттарын мындай кызматтарын эле койсо болмок экен. Жыландын башын кылтыйтпай. Болбосо адвокаттыгыңды карматпай шүк олтур,-деп "Факты kg" гезити жазып чыкты.