www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Үмүт Муканбетова журналистикада өзүнүн стили, курчтугу, кара кылды как жарган ою менен айырмаланган, көп жылдан бери кынтыксыз иштеп жүргөн журналист», - деди бүгүн, 23-февралда NazarNews маалымат агенттигине муз каналдын редактору Элмара Турсуналиева.

- Үмүт Муканбетова журналистикада өзүнүн стили, курчтугу, кара кылды как жарган ою менен айырмаланган, көп жылдан бери кынтыксыз иштеп жүргөн журналист. Саясатта же коомдун кандай көйгөйү болбосун 5 колдой билет. Үй-бүлөсүн дагы билем. Жолдошунун татыктуу жары. 4 баласын эмгекке, өз алдынча иштегенге үйрөткөн мыкты айым. Бала көргөнүн кылат демекчи, ата-энеси кандай жаны тынбай иштесе, балдары да ошондой мээнеткеч болуп чоңойду. Кыздары үйдөн торт жасап, интернет аркылуу сатыкка коёт. Дагы бир кызы балдар үчүн кийимдерди сатат.

Кыскасы, 5 сом болсо да өз эмгеги менен нан таап жешет. Ар бир жаңы-жылда, кайын журт, төркүн төшүн, өкүл балдарын чогултуп чай берет. Үмүт Мукамбетова дасторкону кенен, бапыраган, акылы менен жан баккан аял заты. Жакшы адам көптүн башын бириктирет, жаман адам ажыратат. Үмүт эже, элди бириктирген адам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости