www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өлкөбүздө өнүгүү жана тынчтык болуу үчүн мамлекетибиздеги НПО, (бейөкмөт уюмдар) жана «Азаттык» сыяктуу Америкадан каржыланган уюмдарды мыйзам менен чектеп өлкөдөн чыгаруу зарыл! Мындай пикирин чемпион, спорттун отличниги Шайлообек Атазов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Американын агенттери, максатына жетүү үчүн аракеттенүүдө! «Райым миллион» деген атайын жасалган гана Американын проектиси болчу!

Кыргызстанда: тэц-(385млн$), музей, Дача-Су, транспорт, энергетика, салык, Кумтөр ж.б. мамлекеттин бюджетинен уурдалып жаткан ченемсиз чоң коррупциялык иштер бар. Бул иштерди көрмөксөн болгон Американын агенттери, кече күнү кыргыздын чыгаан уулу Райым Матраимовду күнөөсүз жеринен камакка салууга жетишти!

Алар бул ойлонулган проектисин 3 жылдан бери максат кылып келишкен болчу. Эми алар куру жалаа иштерин сотто далилдөөсү керек! Эгер булардын баары жалаа болгон болсо, Райымбек Матраимов акталат! Американын «Райым миллион» деген саясий пректиси кыргыз бийлигин кулатуудагы «А» планы болчу. Эгер азыркы бийлик кандай жол менен болсун Райым мырзаны камакка албаса, тынымсыз митингдерге чыгып жазга барып бийликти кулатмак. Андыктан Райым Матраимовду камап туруу саясий чечим болду.

Эми Америка кийинки «Б», «В», «Г» планын башташат. Учурдагы бизде кабыл алынып жаткан Америкага жакпаган жаны конституцияны кабыл алдырбоо максатында 11-апрелге чейин тынымсыз митинг, нааразычылык акцияларды башташат! Бул жерде Али сыяктуу өпкөсүн колуна кармагандар өзүн тим эле саясий лидер сезген популистер патриот эмес, жөн гана кыргызды болуп жарган, голубой (кызтеке) ыплас технология жана проект!

Демек, өлкөбүздө өнүгүү жана тынчтык болуу үчүн мамлекетибиздеги НПО, (бейөкмөт уюмдар) жана «Азаттык» сыяктуу Америкадан каржыланган уюмдарды мыйзам менен чектеп өлкөдөн чыгаруу зарыл! Андай болбосо, кийинки пландары элибиздин акыркы үмүтү деп шайланган президентибизге чейин асылып өлкөдө тополоңдор башталат. «Азаттык» ар дайым элдин, улуттун, өлкөнүн жаман жагын гана чагылдырып жүрүп, көп өлкөлөрдөн кара тизмеге киргизилген. Мисалы: Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Туркменстан ж.б. көптөгөн өлкөлөр чыгарып салышкан.

Андыктан Америка жазында кийинки төңкөрүшкө даярданууда! Кудай булардын тилегин ишке ашырбасын!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости