www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“1000 ак элечек айымдар -2017” майрамдык иш-чараны өткөрүү аземине кызуу даярдыктар башталды. Бул тууралу белгилүү журналист Элнура Кулуева билдирди. 

Аталган иш-чара «Кожомкул” атындагы спорт ордосунда 2017-жылдын 4-мартта саат 11.00 – 14.00 до болуп өтөт.

"Биздин иш-чаранын максаты  Кыргыз Республикасында 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу кыргызстандыктардын улуттук аң-сезимин, жарандык патриотизмин өстүрүү, бириктирүүчү жалпы идеяларды жаратып, элибиздин биримдигин бекемдөөгө, тарыхый жана маданий бай мурасын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү макстатында өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүнө салымын кошкон айымдардын эмгегин баалоо ирээтинде өткөрүлүп жатат.

1000 айым улуттук баш кийимдерди кийип бир күндө, бир жерде болуу Орто Азиядагы эң чоң жаңылык катары кабылданат. Эне - адеп, ыймандын символу, Эне - жаратман , Эне - тынчтыктын жарчысы. Мына ушул алкакта “1000 ак элечек айымдар-2017” долбоору идеологиялык башат болуп берет деген ишенимдебиз. Азыркы тапта коомубузда жаңы идеялар жок болуп, Кыргызстандын жаштары үчүн адеп-ахлактык жаңы багыттар калыптанбай калган учур. Андыктан бул жагынан жигердүү жарандар да сыртта калбай бул процессти калыптандырууга катышуусу зарыл. 

Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттыруу – бул мамлекеттин гана эмес, ошондой эле катардагы жарандардын дагы милдети. Андыктан бул жоопкерчиликти моюнга алып уюштуруу тобу бул иш-чараны өткөрүүнү белсенип чыгышты, - деген пикирин билдирди журналист жана аталган долбоордун автору Элнура Кулуева.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости