www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дамаскка жакын жердеги абадан кол салууларда жарандык жоготуулар бар...

БУУ, Женевада баштала турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн мурда күчөгөн зомбулук тууралуу санааркоолорун билдирди. Американын Сенатынын мүчөсү Жон Макейндин Түркия сапарынын алдында Сирия темасы дагы деле күн тартипте болчу.

Сириянын борбор калаасы Дамаскта болгон абадан кол салууда кеминде 7 киши каза тапты, көп сандаган киши жаракат алды.

БУУ бир жылдык мөөнөттөн кийин 23-февралда Швейцариянын Женева шаарында баштала турган Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алдында күчөгөн зомбулуктун санааркатуучу болгонун билдирди.

БУУнун катчысы Фархан Хан жекшемби күнкү жарыясында «Кабун, Барзех, Тишреен жана Батыш Хараста аймагында жарандык өлүмдөр жана жаралануулар болду. БУУ Дамаск жана айланасындагы күч колдонуунун күчөшүнөн санааркап жатат»,-деди.

Түркиянын операциялары

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясына караганда түрк күчтөрү жана АКШ колдогон оппозициячыл күчтөрдүн 24 сааттын ичинде Сириянын түндүгүндө кылган операцияларында эң аз 44 ДЕАШ мүчөсү жок кылынды. Башкы штабдын жарыясына караганда «Евфрат калканы» кыймылынын айланасында жүргүзүлгөн операцияларда ДЕАШка таандык 109 бутанын атылганы белгиленди. Анда бир түрк аскери каза болгону жана эки аскер жаракат алганы билдирилди.

ДЕАШка каршы Түркия-Америка кызматташтыгы

Дүйшөмбү күнү ДЕАШ террор уюмунун мүчөлөрү Голан дөбөлөрүнө жакын жердеги Эркин Сирия армиясына кол салып, бир канча айыл жана чоң районду басып алды.

Бул кол салуулар ДЕАШ борбор шаар кылып алган Раккага эл аралык операция жүргүзүлүшү пландалган убакта болду. АКШлык жооптуу кызматтагылар бир топтон бери Түркияга жасаган сапарларда ыктымалдуу Ракка операциясы үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Республикачыл сенатор Жон Маккейн жекшемби күнү президент Эрдоган менен болгон жолугушуусунан кийин «АКШ дагы кеңири түшүнүк менен айтканда АКШ шериктештери жана өнөктөштөрү менен карым-катнаштарын күчтөндүрүү стратегиясынын аклагында ДЕАШты ылдам жана туруктуу жеңилүүгө учуратыш үчүн Түркия менен бирге иштеши керек жана аймакта дагы ылайыктуу күч тең салмактуулугун курушу зарыл»,-деди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости