www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Euronews телеканалына берген интервьюсунда, Владимир Путин Кыргызстанга сапарынынын алкагында Кыргызстандын президентигине Кремлге ылайыктуу талапкерди көрсөтүшү туурасындагы маалыматты “орунсуз сөз ” деп атады.
Алмазбек Атамбаев: “ Бул – орунсуз нерсе. Бул тууралуу айрым саясатчылар айтышууда. Кезинде өлкөбүздү мына ушундай болбогон абалга жеткирген ошол саясатчылар. Каалаган учурда коңшу өлкөлөр газды, электр жарыгын жана башкаларды өчүрүп койчу. Биз бүгүн таптакыр башка өлкөбүз. Владимир Путин бул үчүн келген жок. Биздин талкуулай турган эки тараптуу маселелер бар. Ал эми Кыргызстандын президенти ким болорун Москва же Вашингтон эмес, Кыргызстандын жарандары чечет. Ишенип коюңуз, биз башкача өлкөбүз жана адамдарыбыз да башкача. Биз өз маселелерибизди өзүбүз чечебиз ”, — деди.
Кабарларга таянсак, Россия президенти Владимир Путиндин февраль айынын аягында Кыргызстанга келери күтүлүүдө.
Туркистон:

Саясий билдирүүлөр кээде учурдагы абалга дал келбей турган көрүнүштө берилет. Атамбаевдин Брюсселге барышы, ал жерде бир нече саясий жетекчилер менен жолугушуп, алардан каржылык жардам сурашынын өзү – Кыргызстан саясаты эл аралык саясатка көз каранды экендигин көрсөтүп турат. Ал тургай, жылдын аягында өткөрүлүүчү шайлоого да алардан каражат сурады. Ушундан кийин “Биз эркин мамлекет болдук” деп айтууга болобу?

Кыргызстандагы жетекчи топ күн өткөн сайын эл аралык саясатка көз каранды болуп барууда. Бийлик оппозициядан кутулуу үчүн т.а. Батыш мамлекеттери же Россия аларды колдоп жиберишинен коркуп, алар сунуштаган бардык документтерге кол коюп жатат. Мамлекеттин стратегиялык тармактары, мамлекеттин жана элдин байлыктары ошол жетекчи куфр мамлекеттердин колуна өтүп кетүүдө. Бул сөзүбүзгө, “Кумтөр” кени канадалыктарга кетиши, Кыргызгаз ишканасы болсо Россияга тартуу кылынышы жана башка иштерди далил келтирсек болот. Ушул келишимдердин бардыгына, болгону бийликтеги ордун сактап калуу үчүн гана кол коюп жиберишкен.

Эл аралык саясат, Кыргызстан сыяктуу колония мамлекеттерди дүйнөлүк башкаруу системасынын белгилүү бир ыкмалары менен атайылап экономикалык кризиске дуушар кылып коёт. Андан соң, ал мамлекеттерде экономикалык проблемалардын натыйжасында саясий карама-каршылыктарды келтирип чыгарып, өздөрүнө караштуу болгон оппозициялык күчтөрдү пайда кылышат. Кийин бул оппозициянын саясий аракеттерин каржылоо менен, учурдагы бийликке басым өткөрө башташат. Атамбаевдин жетекчи тобу да, кудум ушундай жол менен бийликке келген.

Ошондуктан, Атамбаев бечара абалда калды. Батышты ыраазы кылайын десе, Россия басым өткөрөт. Россия тарапка биротоло өтүп алайын десе, Батыштын капиталисттери оппозицияны каржылык жактан колдоп жиберет.

Атамбаев билдирүүсүндө ушул реалдуу абалды айтышы керек эле. Ал дүйнөлүк системанын ушул ыпылас оюну тууралуу сөз кылып, башыбызга түшүп жаткан бардык кризистер жана кыйынчылыктарга дүйнөлүк саясат айыптуу экендигин билдирип: “Ооба, биз эл аралык күчтөргө көз карандыбыз! Болбосо, мен силерден кайыр сурап, ушул абалга түшпөйт элем!”- деп айтышы керек эле. Атамбаевдин Европада берген саясий билдирүүсүндө, ушул реалдуу абалдын тескериси айтылды.

Усман Нурдинов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости