www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республика - Ата журт” фракциясынан бир депутаты КТРдин журналистине, "2011- жылы президенттик шайлоого 87 адам талапкерлигин көрсөтүп, дүйнө жүзүнө маскара болгонбуз"- дейт. Бул депутат Иранда 336 киши Президентикке койгонун уккан эмес окшойт», - деген пикирин билдирди бүгүн, 22-февралда NazarNews.kg маалымат агенттигине куудул Жамбыл Камчиев.

“Тиги депутат, "демократиялык өлкөнү курабыз", деген мамлекетте мындай көрүнүштөр боло берерин билбейт окшойт чамасы. Анын, “5 млн сом акчаны күрөөгө койгондор гана президенттикке ат салышы керек!” – деген былжырак сөзүн кандай түшүнсө болот? Ошол президент болом дегендердин билим деңгээлин текшерсек неге болбойт. Ошондуктан, президент болом деген тың чыкмадан ТВ аркылуу түз эфирде тарыхтан, география, укук таануу, орус тили, кыргыз тили, компьютерден сынак алыш керек. Айрымдарга таң калам, “акчасы бар адам – акылдуу адам” деген түшүнүктө жүрөт”, - дейт Жамбыл Камчиев.

Эске сала кетсек, АКШ өзүнүн 45-президенти чириген байлардын катарын толуктаган, бизнесмен Дональд Трампты тандап алган. Бирок жергиликтүү тургундар анын учурдагы жүргүзүп жаткан саясатына толугу менен каршы чыгып, ар кандай акциялар аягына чыкмак тургай күчөп баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости