www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист жана коомдук ишмер Элнура Кулуева, өзүнүн facebook баракчасында шайлоого аттанып бара жаткан кыйнчыкмаларга саясатчы болбой меценат болгула деп, аларды сыпайы сынга алды.  Айымдын жазганын редакциясыз, толугу менен беребиз.

«Балыкчы шаарында гемодиализ борбору ачылып, аталган борбордун курулуш иштери менен медициналык жабдыктарын алууга кеткен чыгымдарын жергиликтүү ишкер-меценат көтөргөн. Буга кеткен каражаттын жалпы суммасы 10 миллион сомду түздү. Меценат гемодиализ борбору ачылгандан кийин муниципалдык менчикке кайтарымсыз түрдө берип, андан кийин Балыкчы аймактык оорукананын балансына өткөрүп берүүнү көздөп жатат деген маалыматты окуп абдан ыраазы болдум.. Канча деген оорулуу адамдын сообуна калып жатат. Жөнөкөй эле ишкер мамлекет , карапайым элге жардам кылды да . Бул азаматтык …Кезинде өкмөт башчы болуп, азыр президент болом дегендер уялып, үлгү алышсын дегиң келип кетет экен.. Бири чет жакка завод курдум деп бири бирөөгө там салып бердим деп мактанып бүтө алышпай жатышат. Мындай борборду Ө.Бабанов салса, бизнес жасамак. А бу жигит элге берип койду. Кымбат тулпар баккыла… бирок гемодиализке 5 миң сом таппай, кредит алып зар какшагандарды да унутпагыла! Дени сак улуттун журт башчысы болом десеңер … кан чыгарып….. куру цифраны элге жегизе бербей меценаттыкта болгула. Ал эми балыкчылык ишкерге таазим!!!! Баса там салганга …… мектептин 20 жылдыгына келгендер деле 4 баласы бар жесир аялга деле там салып берип коюшкан».

Булак: https://www.facebook.com/elnura.kulueva?hc_ref=NEWSFEED баракчасына таянган Искра.кж сайтынан алынды

 

Последние новости