www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Алыскы аймакта жүрүп, элдин кадырын, жердин кадырын билбегендерге түшүнбөй кетебиз. Айла жоктон акча таап Оруссияга аттанып, үй-бүлөөбүздү багып келебиз. Биз деле Кыргызстандын таза абасында, каалаган жеринен суузун сузуп ичкен жерибизде жашагыбыз келет. Элин-жерин сүйгөн патриотпуз. Мени эки күндөн бери түйшөлткөн нерсе казак баурдас акыныбыз Зинат Зайтовдун, домбрасы менен “кыргыз болгум келмейди кыргыз болгум” деген төгүп ырдаганы жүрөгүмө оор батты”, - деп билдирди бүгүн, 12-мартта NazarNews.kg маалымат агенттигине Москва шаарынан Алмазбек Курбанбаев.

“Казактарды боордош калкпыз деп жүрсөк, казактардын минтип ырдаган ыры биздин атка минерлерге таасири тийген жокпу? Же башка өлкөнүн жарандары “кыргыздарды мазактап ырдаса боло берет”, деп үн катпай отура беришибиз керекпи? Биздин бийлик намысыңарга келгилечи, кыргыз элин уят кылып бүттүңөргө!” – деди алыстан Алмазбек мырза.

Эске сала кетсек, казак акыны Зинат Зайтов, домбранын коштоосунда бир нече улутка арнап төгүп ырдаган. Ал эми, кыргыздарга арнаган саптарында:

-Жыл сайын бир балээге урунатын,

Саясаты сагаттай кубулатын.

Кыргыз болгум келмейди, кыргыз болгум,

Бирбирмен согусып кырылатын, - деген ыр саптары камтылган. Калган чындыкты окурман өздөрү таразалап алсын.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Казак акынынын төгүп ырдагынан төмөнкү тасмадан көрө аласыздар;

Последние новости