www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ай, тийишпе, жолобо”, - деп айтасыздарбы(?). Мына ушундай собол салды 31-октябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында ЖКдагы депутат айымдардын бири.
Тагыраагы, сот отурумуна катышкан күбөлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралып жаткан учурда Эльвира Сурабалдиева, күбөнү коркуткан кылмышкерге кандайча эскертүү берилерине кызыгып, долбоордун автору болгон ИИМдин өкүлдөрүнө жогорудагыдай суроо узаткан.
- Мыйзамдын 6-беренесинде жазылган “коопсуздук чаралары” депчи... Ал 10 пункттан турат. Анын ичинде күбөнүн жашаган, окуган жерлерин өзгөртүү боюнча айтылат. Мына ошол боюнча иш алып барып жатабыз... – деп ИИМ орун басары Памир Асанов жооп берди.
Ошол эле учурда, сарптала туруучу каражаттын болжолдуу суммасы айтылды. Ага таянсак, бир жаранды кайтарыш үчүн бир жылга 420 миң сом керектелет. Мунун ичинде батир жалдоо, жол каражаттары жана күбөнү кайтаргандардын маянасы каралган.
Мыйзам долбоор көпчүлүк депутаттардын колдоосун тапты. Эми ал ишке ашса “коркуткучтар” эскертүү менен чектелет. Анткен менен күбөлөр мамлекеттик коргоого алынат.
Булак: NazarNews.kg