www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку премьер-министр Амангелди Муралиевдин мамлекетке чыккынчылык кылды деп соттолгон уулу Алтынбек Муралиев жатак абакка которулду. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады.
“Соттолгон адам 17-октябрда атайын комиссиянын чечими менен жатак абагына которулган. Азыркы убакта ал үйүндө көзөмөл астында жана ал ишке орношууга даярданып жатат. Буга чейин Алтынбек Муралиев Молдовановка айылындагы №26 колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Алтынбек Муралиевди райондук сот 12 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Бишкек шаардык соту жаза мөөнөтүн 15 жыл деп өкүм чыгарса, кийин Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 10 жыл деп кыскарткан.
СИЗОдо отурган бир күн эки күн болуп эсептелет. Жогорку соттун чечимди 10 жыл кылып кыскарткандын негизинде, үчтөн экисин отурганына байланыштуу шарттуу түрдө жатак абагына которулду. Бирок дагы жаза мөөнөтү бар. Ал бошотулду дегенге жатпайт, соттолгон болуп эсептеле берет”-деп жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Ведомстводон билдиргендей, эгер Алтынбек Муралиев бир жумада бир жолу колонияга келип текшерүүдөн өтүп турбаса, комиссия ага чыккан чечимди өзгөртүп коюшу толук ыктымал.
Эске сала кетсек, Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, мурунку премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев “чет өлкөлүк уюмдарга расмий сырды берүү” менен айыпталып, 2014-жылы 4-ноябрда камакка алынган. Ал эми анын иши боюнча сот жабык түрдө өткөн.
Булак: NazarNews.kg