www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан Забайкальеде ушул айдын 25-октябрында Шамсутдинов аттуу жоокер өзүнүн кызматташтарын жана эки офицерди атып өлтүргөн окуя боюнча түзүлгөн комиссия ал жоокердин аскер бөлүктөгү бир офицер менен жекече чатагы болгон деген жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу орустардын айрым маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Бирок, комиссиянын документтери расмий жарыялана элек.

Буга чейин ошол эле Коргоо министрлиги анын мындай кадамга барышы жоокердин нерв системаларына байланыштуу деген версияны айтышкан. Бирок, Шамсутдиновдун туугандары, тааныштары жана анын мурунку кызматташтары бул версияга ишенишпей тургандыктарын бир ооздон билдиришкен. Алардын айтым-божомолдорунда бул окуя ошол аскер бөлүгүндөгү “дедовщинанын” кесепетинен улам жүз берген.

Буга министрлик да, ал тараптан түзүлгөн комиссия да азырынча макул эмес. Комиссиянын жарыялана элек корутундусунда Шамсутдиновго карата эч кандай күч колдонулбаганы, психикалык гана күч келгени жана командирлердин алсыз көзөмөлдөрү гана көрсөтүлгөнүн агенттиктер жазышууда.

Дал ушул учурда, тагыраагы, бул маалыматтар жазылганынан бир күн өтпөй, бүгүн, 31-октябрда соцтармактарда жана ютуб каналында Шамсутдиновду офицерлер (балким офицерлер шыкаган жоокерлер) чектен ашып кордоп жаткан видео тарады.

Анда аны жыпжылаңач чечиндирип алышып, даараткананын унитазына башын салдырып, уруп-тээп, андан соң эки колун байлашып, көмкөрөсүнөн жаткан абалда үстүнө заара кылышып жатышканын көрүүгө болот. Жондору алган жаракаттарынан улам бүт кан.

Дал ушул версияны кечээ, 30-октябрда Забайкальедеги Жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Валентина Мордова айтып чыккан болчу.

Шамсутдиновдун видеодогу чачы менен колго түшкөн убактагы чачынын өсүү айырмасын салыштырсак, бул кордоо кандуу окуя жүз берээрден 10-15 күн мурун болгону байкалат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости