www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте бүгүн, 31-октябрда Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Бул жаңы кызматка, Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматы бириктирилген.
Эми ушул Патрулдук милицияга сынак аркылуу тандалып алынган 600 кызматкер 56 машине менен баш калаадагы коомдук тартипке жана жол кыймыл коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.
Эске сала кетсек, буга чейин аталган долбоор 2019-2020-жылдары пилоттук негизде баш калаада ишке ашырылары айтылган. Ошондой эле ал системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын башка аймактарында дагы иштейт.
Айтмакчы, Бишкекте ушул эле күнү «Командалык борбор» да иштей баштады. Анын алкагында шаарга адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулду. Аталган борбордун максаты - кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыз кылуу.
Булак: NazarNews.kg