www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи Май райондук сотунда абакта жаткан оппозициялык ишмерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековго сот өкүмү чыкмак. Бирок, адвокаттардын биринин ооруп калгандыгына байланыштуу, сот 22-мартка жылдырылды.
Мамлекеттик айыптоо төртөөнүн тең "бийликти басып алууга аракети” далилденгенин айтып, К.Кадыровду менен Б.Асановду 15, Д.Сарыгуловду 12, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 22 жылга абакка кесүүнү соттон талап кылган. Эске салсак, сот жабык өтүүдө.
Ошол эле учурда дал ушундай негизде камалган “Элдик парламент" саясий уюмунун мүчөлөрү БекболотТалгарбеков, Марат Султанов, Төрөбай Колубаев жана Александр Гусеевдердин иши да аталган райондук сотто аягына чыгуу алдында турат жана ал дагы жабык болууда.
Жогоруда аты аталган дардын жалгы гана Дастан Сарыгулов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Буга чеийн бийликтин эл уулдарын негизгсиз куугунтуктап, камоого арекеттенгенин айтыптап, Талас эли митингге чыккан. Кечээ болсо Жалал-Абад облустук администрациясынын алдына Бектур Асанлвдун тарапташтары чыкты. Абактагы саясий туткундарды бошотуу талабы менен чыккан 200 дөй адам 22-мартта кайра чыгышарын, эгер эл талабы аткарылбаса, 24-мартта республика боюнча масштабдуу акциялар уюштуруларын маалымдашты.
Митингдер сезону муну менен бүтпөйт. Кара-Кулжада Д.Чотоновдун, Базар-Коргон менен Бишкекте Ө.Текебаевдин жактоочулары “бийликти уктатпайбыз” дешүүдө. Деги аман калабызбы?
Булак: “Майдан-ПРЕСС”