www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов комитет жыйынында “Кыргызалтын” алтын ишканасын жана “Макмал” алтын кенин ишмердүүлүгүн каттуу сынга алды.  Анын айтымына караганда “Макмалдагы” 14 332 рудадан “ араң эле 10 кг. алтын алынган экен. Ал эми өздөрүнүн маалыматында ал рудадан 15 - 16 кг. алынмак экен. Ошондо ортодо 5 кг. алтындын дайыны жок. Анын баасы 900 млн. сомду чапчыйт дейт. Мына кызык. “Макмалдын” директору Каныбек Дыйканов 1 тонна рудадан 1 гр.дан 2 гр.га чейин алтын алынарын айтты.

Жыргалбек мырза, бул алтын кен өткөн жылы 174 млн.сом чыгаша иштегенин кошумчалады. Турускулов “Макмалды” ушундай ахыбалга алып келген жетекчиге кандай чара колдонуларына кызыкты.

Бир ал суроого адаттагыдай тыңгылыктуу жооп болгон жок.  Чын эле, 5 кг алтындын  же 900 млн. Сомдун дайын-дарегин ким билет. Укук коргоо органдары уурдалып жаткан алтынды карабай кайсыл жакты карап жатышат. Бул маселеге кайдыгер карабашы керек. Балким, бул кылмыштуу кайсы бир таасирдүү да аралышап калышы толук мүмкүн.  

Булак: “Багыт.кж”

Последние новости