www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмиль Борончиев: “Анын адамгерчилигинде сөз жок...”

- Эмиль мырза, адам жүрүшү бир түрү болсо. Андан бүтүндөй айырмаланганы-бул жан дүйнөнүн жүрүшү эмеспи. Бекин Сейдакматовдун жан дүйнө жүрүшү анча ачылбастан өзү менен кошо кете бергенби же кандай?

- Бекин Сейдакматов мен үчүн кино дүйнөсүндө устаттарымдын бири. Кино тармактын сырлары менен бөлүшүп, тасма жолу-таатал жол экендигин мыкты түшүндүрө турган. Улуу устат, СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин “Бөрү зындан” тасмасында Рахимдин образын жеткиликтүү ойногон.

“Эрте келген турналар” тасмасындагы Бешкемпирдин ролунда кандай гана шайыр, оюнга тойбогон бала кыял мүнөздү берсе, көшөгөнүн артында ал кадыресе олуттуу, камкор, боорукер эле. Тасмага тартылып жүргөнүбүздө “ой, жигит, курсагыңды жакшылап тойгузум ал” деп кам көргөн камкордугу эсиме түшөт.

Экрандан тышкары такыр башка адам, анын көзүнө тигилсең жан дүйнөсүн кыйнап келген, тээ түпкүрдө удургуп тынчтык бербеген бир кыжаалатчылыкты муңдуу көз карашынан байкачумун. Жаш болсом дагы ошону баамдай билчүмүн. Мына ошол эпизоддогудай “...кана эмесе коштошолу!” деп ал эми жашоодо дагы коштошконго үлгүрбөй кете берди.

Ошондо мен байкаган жан-дүйнөсүндө буркан-шаркан болгон купуя сырын өзү менен кошо ала кеткендей сезиле берет. Ичинде кымындай кири жок, адамгерчилик мүнөзүнө сөз жеткис жакшы адамдардын өмүрү кыска болот турбайбы. Аттиң дүйнө!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости