www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы сиз айткан кымбатчылыкты эл көрүп жатат. «Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма» дегендей эле абалда турат окшойбуз...

- Оорчулук дагы деле уланат. Ар ким өз камын көргөнгө аракет кылышы керек. Эл аралык мамилебиз мурдагыдай эле абалда, өнүгүү жок. Инвесторлор улам суюлуп барат. Ишкерлер өздөрү аракеттенип, башка өлкөлөр менен түзүлгөн мамилелерин сактап калганга далалаттанышы зарыл.

- Шайлоого да баратабыз. Дагы бир ирет сынак болот. Биздин аң-сезимибиз жеке кызыкчылыкты, жамааттык кызыкчылыкты түшүнө алабы? Ошого кандай мамиле кылабыз?

- Ар бир шайлоодо өзүбүзгө керексиз чечимдерди кабыл алып, кимге бийликти тапшырып атабыз, ушул маселеге келгенде татыктуу сыноодон өтө албай жатабыз. Мисалы, миң сом алып, жүз миң сомдук, же болбосо бир миллион сомдук үлүштөрүбүздү алдатып, сатып жиберип жатабыз. Бул бир уйду козунун жилигине алмашкандай эле нерсе. Маселенин баары ошондо. Шайлоодо кандай сынактан өтөөрүн эл өзү тандап алат.

- Өткөн жылдагыдай эле шайлоо кайталанса, мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетпейби?

- Доо кетет. Күн сайын доо кетип жатат. Мамлекетибиз туруктуу болгондун ордуна жыл сайын алсырап, эгемендүүлүгүбүз күмөн болуп, эски империяга, дүйнөлүк соода мамилеге эмес, дүйнөлүк уюмдун мүчөлүгүнө татыктуу болбостон, Россиянын эле колониясынын ролуна кирип кеткени турабыз.

- Бийлик тараптан сиздерден кеңеш алуу, кызмат сунуштоо болдубу?

- Биздин ой жүгүртүүбүз азыр жакпай турат. Биз менен негизги саясатчылар кеңешмек тургай, кайра бизге окшогон кишилерди куугунтуктаганы ачык көрүнүүдө. Сөз эркиндиги буулуп, башкача ой сунуштагандар душман катары кабыл алынып, куугунтукталууда. Мындай жол менен биз өзүбүзгө кайра ор казып жатабыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости