www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Орусиянын лидери Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, аны менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлайт.

Эки президент кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, ар башка тармактагы өз ара пайдалуу байланыштардын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулаган.

Жапаров Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук, узак өмүр, ошондой эле, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалаган.

«Ал өлкөлөрдүн тарыхый достук жана бир-бирин урматтоонун бекем салттарына негизделген өз ара алакасын жогору баалап, бул иште Путиндин чоң салымын белгиледи. Ошондой эле, Жапаров Орусия лидерин Мамлекеттик думага шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгү парламент аралык байланыштарды Жогорку Кеңеш менен чыңдоого багытталаарына ишеним артты», — деп кабарлайт маалымат кызматы.

Өз кезегинде Путин куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле, орус тараптын биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга даярдыгын белгилеген. Эске салсак, бүгүн, 7-октябрда, Орусиянын лидери Владимир Путин 69 жашка чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости