www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги абакта жаткан Курсан Асановдуку делген аудио боюнча башка экспертиза дайындайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Министрликтин айтымында, Асановдун адвокаттары өткөргөн экспертиза кылмыш ишинде далил катары кабыл алынбайт. Анткени экспертиза башка материалдарды салыштыруу менен өткөрүлгөн эмес.

"Тергөө жаңы лингвистикалык жана үн экспертизасын дайындоону карап жатат. Эксертизаны өткөрүүнү салыштыруу материалдары менен кошо мамлекеттик тийиштүү органдарга тапшырат", - дейт министрликтин басма сөз кызматы.

Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова 6-октябрда социалдык тармакта тараган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону Орусия жана Казакстанда өткөрүлгөн эки экспертиза монтаждалган деп тыянак чыгарганын билдирген.

7-октябрда Жогорку Кеңеште Курсан Асановдун үнү делген аудио тууралуу маселе көтөрүлүп, депутат Мурадил Мадеминов аудиону монтаждаган деп күч органдарын айыптаган.

14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин 309-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Анын алдында интернетте Асанов менен Сарыбаевдин телефондон сүйлөшкөнү делген аудио тараган. 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев да кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

16-сентябрда Асанов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камалган. Асановдун адвокаттары №50 колонияда өтө оор кылмыш жасагандар отураарын, 2015-жылы абактагылар күзөт кызматкерлерин өлтүрүп, качып кеткен окуя да ошол жерде болгонун белгилеген.

Асановго буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда. Быйыл январь айында ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу "Имаратты жана мекемени басып алуу" деген берене боюнча айып тагылган. Ал боюнча Курсан Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости