www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз паспортундагы “улут” деген графаны алып салууга сиздин пикириңиз кандай?

Кыргыз кыргыз болуп тарыхта жазылып калганы 2200 жыл болду деп айтып атабыз, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын да БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими менен дүйнөлүк масштабда өткөрүп алдык. Мына ошол 2200 жылдын 2000 жылын кыргыз эли паспорту жок эле, паспортунда "кыргыз" деген жазуусу жок эле жашап, жоголуп  кетпей эле  акыры жүрүп эгемендүү мамлекетке ээ болду го. Ошондуктан бул маселеге тереңирек  кароо керек деп айтат элем. Ал эми бийлик өкүлдөрүнө болсо - жөн жерден чуу кылбай, бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай иш жасабай,  кийинки чыга турган жаңы паспортко деле "улут" графасын калтырып, кыргызды-кыргыз, өзбекти-өзбек, орусту-орус деп эле жазып койгула дейт элем, азыркы кырдаалда  паспортко улутун жазбай койгондон мамлекет эмне утуп жатканын түшүнгөн жокмун.

Баяна Кулова, «Жаңы Ордо»

Последние новости