www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Абакта жаткан “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Манас” аба майданынына жакын тилкедеги Дача-Су аймагындагы кулаган учактагы жүктүн ээсинин ким экенин атайын документтер менен көрсөтүштү. Документте көрсөтүлгөн маалыматка ишенсек жүктүн ээси президент Алмазбек Атамбаев жана жубайы Раиса Атамбаевага тийешелүү экен деп ынандырып жатышат. Буга канчалык деңгээлде ишенүүгө болот?

-Бул документке ишенсе, ишенбесе да болот деген пикирде болуп турам. Атайын органдын документтин эч качан физикалык жүздөргө бербейт. Эгер маалыматтар атайын органдан чыкпаса анда мыйзамсыз болуп эсептелинет. Бул документти түрктөрдүн авик компаниясына тийип, анан алар аркылуу булардын колуна тийсе анда чындык болуп эсептелинет. Анткени, расмий орган менен компаниялар иштешет дегендей. Булар бийликте турганда чындыкты уга албайбыз. Кечээ жакында Турциянын элчиси бизден бул документ берилген эмес деп айтып жатпайбы. Экинчи жагынан алып караганда негиз болушу мүмкүн. Балким, булар документти башка органдар аркылуу алышкандыр. Анда бул мыйзамдуу документ болуп эсептелинет. Биздин УКМКдан документ чыкпайт Түркиянын чалгындоо кызматынан документ чыгабы? Булар эгерде түрктөргө кайрылып, ушундай иш чара болуп калды, биз бул жагын билбей жатабыз дей турган болсо түрктөр таап алып берсе жакшы. Булардын түрк бийлигине түз чыгып суроого булардын укугу жок. Анткени расмий бийлик жеке адамдар менен иштебейт. Алар бир гана Эл аралык келишимдердин негизинде гана беришет. Ал жакта маалымат бөлүшүү деген норма бар, ошол аркылуу ишке ашырылат. Атайын органдар мындай маалыматтарды ката жазмак турсун үтүрдү туура эмес коюшпайт. Түркиянын президентинин апаратында өтө сабаттуу адамдар иштешет. Биз билгендей 650 жыл мамлекетүүлүгү турган өлкө. Ката жазышпайт, ушунчалык так иштешет. “Ата-Мекен” -партиясынын юристи дагы жакшы сүйлөй албай койду. Эмнеге алар кагаздарды депутаттык гана комиссияга берет. Ал кыз “түп нускасы бизде, комиссиянын колуна тапшырабыз, биз жооп беребиз”-десе болмок. Тилекке каршы айта албай коюшту. Бул деген өтө коркунучтуу нерсе. Эгер документ жасалма болсо партиянын юристи бүгүн камалып кеткенге укугу бар. Эгер бул документ чын болсо анда президентке тез арада импичмент жарыялап, дароо кызматын тапшырып бериши керек. Кызматтан кеткенден кийин баш коргоо чарасын ачып кылмыш ишин козгоп, качып кетпеши үчүн үй камагына чыгаруу зарыл. Сот эмне деп жыйынтык чыгарат, ошого жараша жазасын алуусу зарыл. Ошол учак Кыргызстанга 52 жолу келиптир бирок кайда таратканы белгисиз экен. Алынып келинген товарлар кимге тийешелүү экендигин эч ким билбейт. Патентке 1000 сом төлөп коюп жеке иштерин жасап жүрө беришет. Депутаттарыбыз жакшы болгондо бүгүн маселе көтөрүп, комиссия түзүп Турцияга жөнөтүшсө, алар барып изилдеп келишсе болмок. Эрдоган “Кыргызстанда Гүлендин балдарынын баары бийликке кирип кетиптир”-деп айтты. Чын эле ошондой экен. Бул жерде мындай ишти Гүлендин кишилери дагы мындай ишти жасашы мүмкүн.

 

Последние новости