www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Адахан Кимсанбаевич жакында эле аттуу-баштуулар биригип "2017-жылдагы бурмалоосуз шайлоо" деп аталган жыйын өткөрдүңөр, ушул жыйын өз жемишин берет деп ойлойсузбу?

- Өткөн жыйналыштын негизги себеби Кыргызстан абдан чоң оор маселенин алдында турат. Биз мамлекет бойдон калабызбы же жокпу? Бүгүн деле биз укуктук тарабынан алганда мамлекетпиз. Тилекке каршы, мамлекеттерге эмнелер таандык деген маселеге таянсак кудай сактасын мамлекеттүүлүктөн жоголуп бара жатабыз. Карап көрүңүз, президент президент эмес, оюна эмне келсе ошону сүйлөйт. Парламент парламент, эмес кимдер гана олтурган жок. Өкмөт өкмөт эмес эмнелерди гана жасабай жатат? Коом коом эмес, айыл өкмөтүн шайлагандан баштап, Жогорку Кеңештин депутаты, президентине чейин акчанын гана аркасынан шайланып келе жатат. Кайсыл жерде мамлекеттүүлүк бар? Анан “Ыйман жылы” деп он жолу кыйкырганын менен ыйманың көкүрөгүңдө болбосо бул куру сөз. Андай деп жарыялап коюу менен мамлекеттин ыйманын бекемдей албайсың? Ыйман падышанын өзүнөн башталат. Өзүң сөзүңдү карап баскан турганыңды кара, айлана-чөйрөңдү кара, эгер сен  Умар ибн аль-Хаттабдай, падыша болсоң анан ыйман жөнүндө сүйлөшүң керек. Айтып атпайбы, “менден башка тазасы калбай калды”, деп, “сен кайдан келдиң?, маселе ушул жерде. Шайлооду таза өткөрүп бергенге аракет кылабыз”, -  дейт. Шайлооду сен өткөрбөйсүң, эл өткөрөт. “Мен каалаган кишиге өткөрүп берип кетейин”, дейт. Сен ишенген эмес, эл ишенген киши президент болуш керек. Ал укукту ким берди сага, кыргыздын куткаруучусу болуп кайдан чыктың?, - деген сөздөр жаралат. Бул жалгыз эле менин дооматым эмес, өткөн форумга катышкандар бизден дагы каттуу радикалдык кадамдарды айтып, "бул өкмөттү айдап жиберип эл ишенимне ээ болгон Өкмөттү кураш керек", деген сунуштар болду. Өткөн форумда бири-бири менен амандашкысы келбеген, бири-бири менен көрүшкүсү келбеген кишилердин баары жыйналып олтуруп калышы деле жөн эмес. Кыргызда, “үмүтсүз жалгыз шайтан” дейт, бул көрүнүш үмүт отун жандырат, ошол кыргыз мамлекетинин келечегине кайдыгер эмес адамдар”бир билек бир тилек болуп калабы?”, деген суроого жооп катары айта алам, демек, жыйналсак жана бириксек болчудай. Албетте, “болот” деп айта албайм. Себеби биригүүбүз өтө эле кыйын болуп калды. Биз шайтан чачыраткандай чачырап калдык. Мен калп эле “туура биз биригебиз, бир күч болобуз” дей берсем болбойт. Саясатчылардын эле башы бирикпейт десек, айылга барсаң айыл-айыл, көчө-көчө болуп  жөнөкөй эл бөлүнүп калды. Ошондуктан болуп өткөн форумда “мамлекеттүүлүк жоголуп жатат” деп коңгуроо кактык.

-Адахан Кимсанбаевич, өлкөдөгү өлүп бара жаткан экономиканы, өрчүп бара жаткан баш-аламандыкты, кыйрап бара жаткан чындыкты, элдин башын, ошонун баарын бириктире турган кандай кандай президент керек?

-Мен айтсам бүгүн чыга калды дебеңиз...Соңку 20 жылдан берки сөздөрүмдү карап көрүңүз. Ошондо 30 жашта экенмин. Мен, 1995-жылы, бизге кандай президент керек деген суроого, ошондогу Адахан Мадумаровдун жообу?  

-Чечкиндүүлүгү жагынан Жусуп Абдрахмановдой, абдан сөзгө чечен, иштерман керемет элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Исхак Раззаковдой, ар бир иштеген ишин кагазга түшүрүп жүргөн Турдакун Усубалиевдей, кой оозунан чөп албаган таза инсан Апсамат Масалиевдей, анан күркүрөгөн Бекмамат Осмоновдой келбети бар, мына ушул бешөөнү кайнатып туруп бир инсан жаратса ошол кыргызга керемет президент болмок, деп.

Тилекке каршы андай болбойт, телегейи тегиз эл болбойт, телегейи тегиз киши да болбойт. Баарынын өзүнө жараша кемчилдиги бар. Ким болсо ошол болсун, бирок көкүрөгүндө ыйманы бар, арам нерседен, жараткандын жазасынан корккон, мейли Баш мыйзамды 10 жолу өзгөртсүн, бирок жараткандан корккон президент керек. Бул дүйнөдөн баарыбыз жылаңач кетебиз бирок муну көр пенде түшүнбөйт. Президент элдин каргышынан назарынан коркуш керек. Антейин десең падыша кандай болот? - Элиң кандай болсо ошондой болот. Жараткан айтып атат, “бузулган коомго бузулган падыша берип, ошол аркылуу элди жазалайм”, дейт.  Ар бир элдин пейилине жараша падыша болот. Демек саясатчыларда эле эмес, кеп, тээ тиги булакта. Бийликтин булагы ким? - Эл. Өздөрү шайлап берет. Азыр уят болбой калды, “сеники 50 миң доллар болдубу чыгаша, меники 3 жарым миң доллар болуп калды”, деп айыл өкмөттөр айтып калды. Анан кандай президент керек бизге, өзүбүзгө жараша президент болду?

-Сиздер түзгөн “үчилтиктин” бирөө өткөн форумга катышкан жок, демек булар таркады деп кулак түрүп, тар чөйрөдө айтыла баштады...

-Сыртта командировкада жүрүп калды...

-Адахан Кимсанбаевич кимиңиздер президенттикке койосуздар?

-Биринчи президенттик шайлоого старт  башталсын. Ар бир нерсенин өзүнүн убактысы бар. Убактысы келсе сөзсүз айтабыз.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости