www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Кыргыз паспортундагы “улут” деген графаны алып салууга сиздин пикириңиз кандай?

-Паспорттогу «улут» деген графанын алынып салынышына каршымын. Мен кайда барбайын, жана кайсы улуттун адамы менен жолукпайын кыргыз деген улуу элдин уулу экениме сыймыктанып айтам. Паспортумдагы улуту деген графаны алдырып салып кыргызстандык деген документти көтөрүп жүрө албайм, көтөрбөйм дагы. Демек менин паспортумда кыргыз деген жазуу сөзсүз түрдө жазылып туруусун каалайм. Ушунча кылым карытып жашап ата-бабам кыргызмын деп жашап келсе анан мен кыргызстандык деген документ  көтөрүп жүргөнүмдү элестете да албайм. Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы же саясый иштин аркасы менен улут деген  графаны алдырып салуу  туура эмес. Ар бир кыргыз паспортунда, жүрөгүндө кыргыз экенине сыймыктанып жашашы керек. Себеби ал улуу элдин урпагы, кыргыз деген кылым карыткан элдин уулу, кызы. Кудай мени кыргыз кылып жараткан, демек мен  кыргыз бойдон өлүшүм керек. Паспорттогу  улуттун жазылуусу сөзсүз зарыл нерсе. Алакандай кыргыз элинин  улуту  кыргыз  экенин тастыктабаган  документтин кыргызга кереги жок.

Баяна Кулова, «Жаңы Ордо»

Последние новости