www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмилбек Каптагаев Фейзбуктагы баракчасына бүгүнкү окуяга себепкер эмес экенин, Садыр Жапаровдун үстүнөн эч кандай арыз жазбаганын жазып чыкты.

«Мындан эки күн мурда Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз жазган эмесмин, андай доо арыз жазууга менде негиз жок деп бул жерде жаздым эле. Ошондой эле жеке адам катары Садыр Жапаровго карата эч кандай доом жок, анын мага карата айтып, жазып жүргөн ушак деңгээлиндеги сөздөрүн да кечирдим дедим эле.

Мына бүгүн өзү келиптир Кыргызстанга, чек арадан аны укук коргоо органдары тосуп алышып кармап кетишиптир, Коопсуздук кызматына алып келип камашыптыр деп окуп атам. Окуянын мындай жагдайда өнүгүшүнө нааразы болгон тарапташтары митингиге чыгышыптыр, бошотууну талап кылышыптыр. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, түшүнүү менен эле кабыл ала турган. Бирок азыр видео-тасмалардан жүрөк оорута турган кадрларды көрүп турабыз, адамкерчиликке жатпаган жорукка күбө болуп жатабыз барыбыз. Жапаровдун балдарын көк ала койдой сабап, боор жагын басып кыйналып, онтоп жатканына карабай врач чакырбай турушканын кантип бейкапар карап отурууга болот?

Барыбызда бала бар. Атасы камалып жаткан бала барат, күйүп бышат, балким ыза менен бир аз чектен чыгып, ашыкча эмоцияга алдыруусу да мүмкүн. Бирок ошончолук күч колдоно турган, ошончолук зомбулук менен баса турган кырдаал болгонун көрө алган жокмун ал жерден. Кандай коомдук толкундоо болбосун, кандай митинг болбосун милиция менен элдин ортосунда ары бери түртүшүү болот, бирок күч колдонуунун да чеги бар экенин унутпасак. Эми атасына кошуп балдарын дагы «тополоң уюштурган, бийлик адамдарына карата таш ыргыткан, күч колдонгон» деп камакка алуу, аларды да соттоого аракет кылуу акылга сыйбай турган иш болуп калат. Бийлик мына ушул жагын жакшы ойлонуп туруп иш кылса туура болот эле», - деген пикирин билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости