www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга «кыз колунан кармадым балбылдаган, колундагы шакеги бар жалтылдаган» деген ыры менен таанылган «Кеңеш» тобу баарыбызга белгилүү. Андан сырткары, аталган топ “Карагат” жана башка гүлдөргө арналган ырлары менен өзүнө тийиштүү күйөрмандарын тапкан.

Кечээ, 25-март күнү “Кеңеш” тобу ооматынан тайдыбы?”, деген аталыштагы куш тилиндей кабар NazarNews.kg маалымат сайтына жарыкка чыккандан кийин, катардагы ырчы Гүлмира айым WhatsApp аркылуу байланышка чыгып, бир топ эркелеп алды. Дегенибиз, же токтоп калбай же токмоктоп салбай болгон азуу тишин көрсөттү.

Буга чейин аталган сайт КР Президенти Алмазбек Атамбаевге чейин ачуу чындыкты жазып келгенде да, биз тарапка бир коркутуу болгон эмес. Ал тургай Кыргызстанга “миллион” ылакабына ээ болгон Раим Матраимовду жазганда, күчтүүлүгүнө салып такыр үркүтпөгөн. Атагы убагында таш жарган, жылдыздуу айымдардын алдыңкы сабында турган атактуу айым Гүлнур Сатылганованы жазганда унчукпаган, кыргыз эстрадасында легендага айланган Бактияр Токторовду жазганда тоң моюндугун көрсөтпөгөндүгүн айтпай кетпесек болбойт. Бирок, “унчукпайт экен”, деп “оозубузга келгенди оттой” бербейбиз. Биздин жамаат деле “калптын казанын кайнаткан” журналистер эмес экенин катардагы ырчы, Гүлмира айымдын эсине сала кеткенибиз оң.

Албетте жазылган шилтемелерди ачыкка чыгарган туура эместир. Бирок биле жүргөн жакшы. Анткени катардагы ырчы айым, адреске чейин сурап жазып, ал тургай “мен барганча башка адам алектенип турсун” деп опурулуп, “биз жөнүндө жазбагыла”, деген буйругун берди. Ошондо, Гүлмира айым айткан, “биз менен алектене турган эр жүрөк” адамы ким болду экен? Бир минутада бир нече жолу СМС жазган Гүлмира айымдын,  жазган СМСтерине көңүл буруп, таразанын ташын тең салмакка койсоңуздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости