www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмки жылы Бишкекте эки жаңы өрт өчүрүү бөлүмү курулат

Кийинки жылы Бишкекте Өрт көзөмөл кызматынын эки жаңы бөлүмүнүн курулушу башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда республика боюнча кызматтын 90 бөлүмү иштеп жатат. Мындан сырткары, имараттардын бир бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Бишкекте эки жаңы объекттин курулушун кийинки жылы баштоо пландалууда. Алар Достоевский жана Ахунбаев, ошондой эле Чокан Валиханов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, учурда бул аймактарда көп кабаттуу турак үйлөр жигердүү курулууда. Маселен, Достоевский көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания көп кабаттуу үйлөрдү тургузуп жатат.

Последние новости