www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн Кундуз шаары маанилүү?

Талибан өз аракетин май айында баштагандан берки эң эле маанилүү олжо - Кундуз шаарын колго алуусу. 270 миңдей калк жашаган шаар өлкөнүн түндүгүндөгү минералдарга бай облустарга жол ачкан аймак катары белгилүү.

Анын жайгашкан жери да стратегиялык жактан маанилүү. Анткени, Кундуз менен башка ири шаарларды, анын ичинде Кабулду туташтырып турган кан жолдор бар. Ошондой эле бул облус Тажикстан менен чектеш жайгашкан.

Аталган чек ара ооган апийими менен героинди Борбор Азияга, андан ары Европага чыгаруу үчүн пайдаланылат. Кундузду көзөмөлдөө аймактагы маңзат ташуу жолун көзөмөлдөө дегенди билдирет.

Бул Талибан үчүн да символикалык мааниге ээ. Себеби, 2001-жылга чейин ал түндүктөгү негизги чеп болуп турган. Согушкерлер шаарды 2015-жылы колго алып, кийин кайрадан 2016-жылы дагы аракет кылып, бирок аны көпкө чейин кармап тура алышкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости